Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Credit Suisse банкына Кыргызстандан жаңы кардарларды тейлөөгө тыюу салынды


Швейцариянын Цюрих шаарынын көчөлөрүндөгү UBS жана Credit Suisse банктарынын эн белгилери. 20-март, 2023-жыл. REUTERS/ Денис Балибоус.
Швейцариянын Цюрих шаарынын көчөлөрүндөгү UBS жана Credit Suisse банктарынын эн белгилери. 20-март, 2023-жыл. REUTERS/ Денис Балибоус.

UBS деп аталган швейцариялык банк жакында эле курамына кошулган Credit Suisse банкына «жогорку тобокелчиликте турган» өлкөлөрдөн жаңы кардарларды тейлөөгө тыюу салды. Бул тууралуу Financial Times басылмасы жазды.

Андай мамлекеттердин катарына Борбор Азиянын төрт мамлекети: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан да кирген. Ошондой эле Орусия менен Беларус да бар. Мындай чечим арам акчаны адалдаштыруу, коррупция жана паракорчулук тобокелчиликтерин алдын алуу үчүн кабыл алынган.

2022-жылы дүйнөдөгү эң ири жана эң бай банктардын биринин ишмердүүлүгүн иликтеген "Credit Suisse сырлары" деген эл аралык долбоордун жыйынтыгы жарыяланган. Бир нече ай бою 39 өлкөдөн 48 басылманын 163 журналисти Швейцариядагы чоң банктардын бири Credit Suisse банкынан алынган маалыматтарды изилдеп чыгышкан.

Аталган банктан эки кыргызстандыктын да ири банк эсептери табылган. Ал эсептер Рой Азим деген ат менен белгилүү Орозахун Сайдазимовго жана Кыргызстандын издөөдө жүргөн мурдагы геология министри Капар Курманалиевдин жубайына таандык экени иликтөөдө аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG