Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Фонд жетекчиси «Кумтөрдүн» 400 миллион сомуна байланыштуу камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кумтөр Голд» компаниясы бөлгөн акчадан 400 миллион сом туура эмес пайдаланылган деген шек менен "Жаратылышты өнүктүрүү фонду" уюмунун жетекчилиги кармалганын бүгүн 14-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, коомдук фонддун жетекчиси, башкы адиси жана жеке фирмалардын биринин башчысы кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Атайын кызмат фонддун жетекчиси Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, пайда көрүү жана баюу максатында 400 миллион сомдон ашуун каражатты жаратылышты коргоо боюнча ар кандай уюмдарга тийиштүү экспертиза жүргүзбөстөн бөлүп берип койгонун, ал акча жеке бизнес уюштурууга жумшалып кеткенин билдирди.

УКМК аларды коррупциялык кылмыштуу топ деп атап, кылмыш иши козголгонун, учурда териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады.

2021-жылдан бери, атайын кызматтын маалыматына караганда, жаратылышты коргоо долбоорлорун ишке ашырууга жыл сайын "Кумтөр Голддон" 3 миллион 700 миңге жакын доллар бөлүнүп берилүүдө. Жалпысынан, соңку үч жылда, каржылоо көлөмү 976 миллион 800 миң сомду түздү.

Канадалык инвестор “Центерра” менен биргелешип иштетип келген Кумтөр алтын кенин Кыргызстан өз карамагына эки жыл мурда алган.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

XS
SM
MD
LG