Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Ысык-Көлдүн жээгине тосмолорду курууга тыюу салынды


Ысык-Көл. Эс алуучу жайлардын бирине тиешелүү жээк.
Ысык-Көл. Эс алуучу жайлардын бирине тиешелүү жээк.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундарынын көл жээктерине тоскоолдуксуз кирүү жөнүндө бир жыл мурун чыгарган жарлыгына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ысык-Көлдүн жээктерине адамдардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон тосмолор (дубал, торчо, темир торлор) алынат жана аларды мындан ары курууга тыюу салынат.

Садыр Жапаров 2022-жылдын майында чыгарган жарлыгы боюнча былтыр 1-июлдан тартып көлдүн жээгинде ачык эшиги жок тосмолор алынмак. Азыр киргизилген өзгөртүүдө жарлыктан “эшиги жок тосмолор” деген сөз алынды.

Былтыр чыккан жарлыкта санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттеждер ар кандай тосмолорду орнотуп, тургундардын жээкке кирүү укугун чектеп жатканы жазылган.

Көлдүн жээгинен ары-бери өткөндө пансионаттардын күзөтчүлөрү менен жергиликтүүлөр ортосунда чатак чыгып, тосмолор талкаланган учурлар болгон. Тургундар көлдүн жээгине ээн-эркин кире албай калганына даттанган учурлар бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG