Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Анкарада ракета чыгарган заводдогу жарылууда беш киши каза болду


Анкарадагы ракета жана жардыруучу заттарды чыгарган заводдун кире бериши, 10-июнь, 2023-жыл.
Анкарадагы ракета жана жардыруучу заттарды чыгарган заводдун кире бериши, 10-июнь, 2023-жыл.

Түркиянын борбору Анкарада ракета жана жардыруучу заттарды чыгарган заводдо жарылуу болду. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда беш киши каза тапты. Жергиликтүү маалымат каражаттары "жараат алгандар көп" экенин жазышты. Жарылуу фактысы боюнча иликтөө башталды.


Аталган завод калктуу конуштан алысыраак Элмадаг районунда жайгашкан. Күбөлөр алгач жарылуунун добушун угуп, андан кийин заводдун үстүндөгү түтүндү көрүшкөн. CNN өрттү убагында өчүрүп калышканын жазды.

Анкаранын губернатору Васип Шахин жарылуу динамит өндүрүшүндөгү химиялык реакциядан улам болушу мүмкүн экенин, бирок окуянын себептери тууралуу расмий маалымат кийинчерээк берилерин айтты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG