Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Колумбия: 40 күн мурда учак кырсыгында жоголгон балдар токойдон табылды


Колумбиялык жоокер ити менен балдарды издөө учурунда.
Колумбиялык жоокер ити менен балдарды издөө учурунда.

Колумбияда май айынын башында учак кулагандан кийин дайынсыз жоголгон төрт бала чытырман токойдон аман-эсен табылды.

Бул тууралуу өлкөнүн президенти Густаво Петро журналисттерге билдирди. Ал балдар жалгыз болушканын, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты. Өлкө президенти балдар кантип аман калышканын, окуянын чоо-жайын ачыктаган эмес. Аткаминерлердин билдиришинче, кырсыктан аман калган балдар индеецтердин уитото (же витото) уруусунан экенин, алардын чоңдору тропикалык токойдо жашап кетүүнүн жолдорун биле турганын айтышкан.

Алты жүргүнчүсү бар учак 1-май күнү эртең менен кулаган. Алардын сырткары учакта учкуч болгон. Кырсык болгондон эки аптадан кийин издөө тобу учактын сыныктарын жана үч кишинин сөөгүн табышкан. Куткаруучулар учактагы ага-карындаштардын дайынын тапкан эмес. Алардын улуусу 13, 9, 4 жана күчүүсү бир жашка чыга элек.

Аларды 150 аскер ит менен издешкен. Жергиликтүү уруулардын ыктыярчылары дагы издөө иштерине жардам беришкен. Дайыны табылбаганда токойго кутучалар ыргытылган жана балдардын чоң энесинин балдардын бир жерде калышын өтүнгөн билдирүүсү калтырылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG