Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Украина: Орусиянын согуштагы жоготуулары тууралуу иликтөө жарыяланды


Согушта талкаланган Украинанын чыгышындагы Бахмут шаары.
Согушта талкаланган Украинанын чыгышындагы Бахмут шаары.

Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасынын ыктыярчылары менен бирге Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 50 миң адам каза болгон деген божомолду жарыялады.

Маалыматка караганда, каза болгондор жана жараат алып, катардан чыккандарды эсепке алганда Орусиянын жалпы жоготуулары бери дегенде 225 миң адам болушу мүмкүн.

Эки медиа соңку эки аптада Украинада каза болгон 1213 орус аскеринин аты-жөнүн тактаган. Муну менен согушта өлгөн, тек-жайы такталган адамдардын саны 25 миңден ашты.

Маалыматта жоготуулар дале көп экени, өлгөндөрдүн саны 2022-жылдын ар бир аптасында көрсөтүлгөн орточо сандан эки эсе жогору экени белгиленген.

Иликтөөдөгү жоготуулар коомчулукка ачык жарыяланган гана маалыматтардын негизинде эсептелген. Журналисттер өлгөндөр жөнүндө, алардын тажыялары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана маркумдардын жакындары жазган маалыматтарды колдонушкан. Авторлор жоготуулардын реалдуу саны мындан алда канча көп экенин белгилейт.

Ачык булактардан жоготуулардын эсебин жүргүзгөн журналисттер жана ыктыярчылар алардын тизмесинде Орусияда көмүлгөндөрдүн теңинен азынын аты-жөнү болушу мүмкүн деп болжолдошот. Алар акыркы 15 айда Орусиянын 65тен ашык шаар жана айылдарындагы көрүстөндөрдүн абалын изилдеп, ушундай жыйынтыкка келишкен.

Өткөн жылдын соңунан бери аскердик даярдыгы төмөн болгондор көп өлгөн. Кеп "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын катарында согушкандар тууралуу да болууда. Алардын арасында соттолуучулар, ыктыярчылар, мобилизация болгондор жана өздөрүн "ДНР" жана "ЛНР" деп атап алган аймактардын аскерий отряддары бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG