Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Президент Жапаров жол курууга көмөктөшкөн ишкерлердин ысымын атады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жолдорун курууга жергиликтүү ишкерлер демөөрчү болуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчы "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген кезектеги маегинде жол курууга жардам берген ишкерлердин ысымын атады. Анын айтымында, Нарын шаарынын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө ишкер Жумабек Салымбеков 50 млн. сом бөлгөн. Мындан сырткары жолдорду оңдоого Өмүрбек Бабанов 80 млн. сом, ишкер Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев 30 млн. сомдон, “Бакай” банкынын ээси Сергей Ибрагимов 200 млн. сом каражат бөлгөн.

"Бул каражаттарга Талас менен Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдойлу деп жатабыз. Ал эми Жалал-Абаддын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд. сом каражат бөлүндү", - деген мамлекет башчы.

Быйыл Нарын шаарында жалпы 18,5 чакырым узундуктагы 44 көчөнү оңдоо иштери жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 7-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жол тармагы тууралуу маалымат берип, былтыр жол курууга 8,7 миллиарддан ашык сом жумшалганын билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан ушул убакытка чейин автожолдорду куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард 540 миллион доллар насыя алган.

Парламентте буга чейин насыялар өзүн актабай, жол салууда коррупция тыйылбай келатканын тууралуу сын-доомат айтылган.

Кыргызстан негизги жолдорду курууга насыянын басымдуу бөлүгүн Кытайдан алган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG