Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Өмүрбек Бакиров соттун чечимине каршы арызданарын билдирди


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген Ноокаттагы №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечими боюнча билдирүү жасады. Ал чечимге макул эмес экенин жана жогорку инстанцияга кайрыларын Фейсбук баракчасына жазды.

"Бишкек шаардык административдик соту Көк-Жар шайлоо округунда өткөн шайлоону мыйзамсыз деп тапты. Бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим экени ачык көрүнүп турат. Бул шаардык административдик соттун чечими менен мен макул эмесмин, мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз. Мен ишенем, адилеттүүлүк жеңет, мыйзамдуулук орнойт деп үмүт кылам. Бүгүнкү күндө мен өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам, эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алууга укугу жок", - деп жазган эл өкүлү.


7-июнда Бишкектин Административдик соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Соттун чечимине ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Өмүрбек Бакировду Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныган чечимдери дагы жокко чыгарылган.

2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров №4 Көк-Жар бир мандаттуу округдан парламентке депутат болуп шайланган. Жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев шайлоо өткөндөн бир жылдан соң 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Бакиров саясий жарышта добуш сатып алганын билдирген жана анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.

Депутат Бакиров былтыр декабрда “Азаттыкка” берген комментарийинде соттун Рысбаевдин арызын кароону канааттандырып койгонун "мыйзамсыз" деп сыпаттаган. Анын айтымында, Шайлоо кодекси боюнча шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, арыздар үч күн ичинде каралышы керек. Бакиров бир жылдай убакыт өткөндөн кийин иштин кайрадан көтөрүлүп чыкканын өзүнүн Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Өмүрбек Бакиров 44 жашта, 2011-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына "Ата Журт" партиясынан депутат болуп шайланган. 2018-жылы "Кыргызтелекомдун" башкаруу кеңешинин төрагасына кеңешчи болуп дайындалган. 2018-жылы декабрь айында Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына КСДП партиясынан депутат болуп барган. 2021-жылы Ош облусундагы Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. "Элдик" депутаттар тобуна кирет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG