Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

HRW Жогорку Кеңешти бөйөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарууга үндөдү


Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун эн белгиси.
Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун эн белгиси.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстандын парламентин бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жарата турган репрессивдүү мыйзам долбоорун артка кайтарууга үндөдү. Бул тууралуу уюмдун 9-июнда тараткан билдирүүсүңдө айтылат.

"Мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу, ой-пикирин эркин билдирүү укуктарын чектеп, ал тургай айрым учурларда бейөкмөт уюмдар менен алардын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоо менен адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттемелерин бузат. Мыйзам долбоору Кыргызстандын активдүү жарандык коому үчүн олуттуу коркунуч туудурат жана ал артка кайтарылышы керек", - деди эл аралык уюмдун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева. Ал ошондой эле бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандын эл аралык аброюна олуттуу шек келерин белгиледи.

HRW ошондой эле Евробиримдикти, АКШ жана Бириккен Улуттар Уюмун мыйзам долбоорунун тескери кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун ачык билдирүүгө чакырды. Парламент документти кабыл алган күндө да президент Жапаровду мыйзамга кол койбоого чакырууга үндөдү.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган. Документ парламенттин тармактык комитетине биринчи окууга качан киргизилет азырынча белгисиз.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылы 21-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Анда “чет элдик өкүлдүн функциясын аткаруучу бейөкмөт уюмдар” деген категория киргизилип, бир катар милдеттер жана талаптар жазылган. Ал талаптар аткарылбаса уюм жабылып калышы ыктымал. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму бул долбоор Орусиянын “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамынан дээрлик сөзмө-сөз көчүрүлүп алынганын аныктап чыккан.

Укук коргоо уюмдары коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле башкалар сыяктуу мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, бул демилге бийликти сындагандарды басуу үчүн колдонула турган механизмге айланышы ыктымалдыгын белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG