Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Кыргыз-кытай сериалдарын тартуу планы боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Кытай менен биргелешип сериал тартып, тажрыйба топтоону көздөп жатканын бүгүн 9-июнда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди. Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын отурумунда маалымат берип жатып ал жакында Кытайдын Сиан шаарында өткөн форумда кол коюлган меморандум тууралуу маалымат берди:

“Чоң деңгээлдеги меморандумдарга кол койдук 63 миллион долларга эки сериал тартууга. Бирөө 25 миллионго, дагы бири 38 миллионго. Кыргызстан менен Кытай ортосунда тарыхта биринчи жолу сериал тартылат. Биринчиси – 25 сериялуу тасма “Бишкектеги сүйүү” деп аталат. Ал эми экинчиси – “Жибек Жолунун алыскы шамалы” деген тарыхый тасма Жибек Жолундагы мамлекеттер жөнүндө болот. Ал да Кыргызстанда тартылат. Кино тармагыбызга бир топ тажрыйба алабыз деген ойдобуз”.

Быйыл апрелде Кытайдын Сиан шаарында Азиянын маданий мурасын сактоо альянсынын жыйыны өткөн.

Министрликке караштуу Кинематография департаментинин алдында былтыр сентябрда "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлгөн.

УТРК базасында түзүлгөн "Кыргыз сериал" студиясы көп өтпөй жабылып калган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG