Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Кумтөр иши: Сот Бакиевди мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кести


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга сыртынан кесилди. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 1-мартында чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы 9-июнда "Азаттыкка" ырастады.

"Кумтөр боюнча 10 жылга соттолсун деп чечим чыкты. Мурда башка дагы сот чечимдери болгондугуна байланыштуу, мурдагы чечимдерге кошуп жалпы 30 жылга соттолду", - деди соттун басма сөз катчысы Темир Ильясов.

Соттун өкүмүнө ылайык, Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин 2-бөлүмү боюнча айыптуу деп табылган. ("Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол жосун"). Мындан сырткары ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

Мындан сырткары Биринчи май райондук соту ушул эле иш боюнча Максим Бакиевге, анын өнөктөшү Алексей Елисеевге жана Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиевге дагы өкүм чыгарган.

Ушул аптада "Политклиника" басылмасы сот "Кумтөр иши" боюнча жалпысынан жети кишини күнөөлүү деп тапканын жазган. Алардын ичинен Курманбек Бакиев 10 жылга, Максим Бакиев 13 жылга, Алексей Елисеев менен Эмирлан Торомырзаев 12 жылга, Капар Курманалиев менен Садриддин Жиенбеков 10 жылга, Елена Белковская 9 жылга эркинен ажыратылды.

Өкүмдө 2009-жылы ошол кездеги президент Бакиевдин калкалоосу менен Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” ишканасынын, “Центерра Голддун”, “Кумтор Голд Компанинин” жана “Кумтор Оперейтинг Компанинин” ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбегени айтылат.

Май айынын ортосунда Улуттук Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Улуттук телерадиокомпаниясынын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Минск шаарына барып, качкын президент Бакиевден алган интервьюсу интернетте тараган.

2010-жылы элдик толкундоодон кийин бийликтен кетип, Беларустан башкалка тапкан Бакиев 50 мүнөттүк интервьюда өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланыштуу суроолорго да жооп берген. Ал ошондой эле 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сотко Беларустан онлайн катышууга даяр экенин айткан.

Май айынын соңунда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттиги менен болгон маегинде азыркы бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер ал келсе соттун чечимине ылайык камаларын айткан.

Буга чейин Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев дагы Кумтөр иши боюнча айыпталып, бир канча жолу сурак берген. Ал 2005-жылы качып кеткен бойдон 2021-жылдын 2-августунда тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG