Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

"Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдеш өтүп жатат


Бүгүн, 10-июнда Бишкектеги Футбол борборунда "Азаттык" үналгысынын 70 жылдыгына арналган кичи-футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Ага жалпыга маалымдоо каражаттарынан түзүлгөн 13 команда катышууда.

Мелдеш жалпыга маалымдоо каражаттарынын тилектештигин бекемдөө жана сергек жашоого үндөө максатында уюштурулган.

Командалар алгач тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпадан чыккан командалар жарым финалда беттешип, жеңгени финалга жолдомо алат, утулган команда 3-орун үчүн ойнойт.

Мелдештин жыйынтыгында үч команда, ээлеген орунга жараша акчалай сыйлык, медаль жана кубок менен сыйланат. Ошондой эле мыкты оюнчуларга кызыктыруучу сыйлыктар берилет.

Мелдешке катышкан командалардын тизмеси:

  • "ПолитКлиника"
  • "Марал радиосу"
  • "Марва ТВ"
  • "Кыргыз Спорт ТВ"
  • "ЭлТР"
  • "Кыргыз радиосу"
  • "Кактус Медиа"
  • "Эркиндик"
  • "УТРК"
  • "Апрель ТВ"
  • "Т-Медиа"
  • Би-Би-Си
  • "Азаттык"

Быйыл март айында “Азаттык” радиосунун обого чыкканына 70 жыл толду. “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” кыргыз кызматынын алгачкы берүүсү 1953-жылы 18-мартта ободо жаңырган. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG