Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Футбол: Кыргызстан менен Ооганстандын командалары беттешет


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-июнь, 2022-жыл. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-июнь, 2022-жыл. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Бүгүн, 10-июнда Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстан жана Ооганстандын футбол командалары беттешет. Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 20:00дө башталат.

Мындан сырткары Кыргызстан "В" тайпасында Ирандын командасы менен ойнойт. Бул оюн 16-июнга белгиленген.

26-апрелде Дүйшөмбү шаарында CAFA турниринин тайпалык баскычына чүчүкулак болуп, жети команда эки тайпага бөлүнгөн.

"А" тайпасында Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары бар.

"В" тайпасынын беттештери Бишкекте, ал эми "А" тайпасынын оюндары Ташкентте өтөт.

CAFA NATIONS CUP-2023 - Борбор Азиялык өлкөлөрдүн курама командалары үчүн өткөрүлө турган футбол мелдеш. Ага Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Оман жана Өзбекстандын курама командалары катышат. Ал быйыл биринчи жолу өткөрүлгөнү жатат.

Беттештер тайпада бир айлампада өткөрүлөт. Эки группанын жеңүүчүсү болгон эки курама финалда беттешет. Өз тайпаларында экинчи орунду алган командалар үчүнчү орун үчүн ат салышат. Финалдык беттеш Ташкент шаарында болот. (GT/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG