Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Одессада дрон чабуулунан үч киши курман болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Одессада орус армиясы учкучсуз аппараттар менен чабуул коюп, үч киши набыт болду. Ондон ашуун адам жараат алды. Бул тууралуу Украинанын “Түштүк” ыкчам командачылыгы билдирди. Маалыматка караганда, Орусия түндө Одесса облусуна "Шахед" дрондору менен сокку урган. Алардын баарын украин абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн. Учкучсуз учактардын бири көп кабаттуу турак жайдын жанына түшүп, айрым үйлөрдүн айнектери күбүлүп түшкөнү кабарланды. Дрондун сыныгы тийген батирден өрт чыкты.

Украин ыкчам командачылыгы Николаев облусуна да дрондон чабуул болгонун кабарлады. Түнү башкалаа Киевде жана өлкөнүн ондон ашуун облусунда коркунуч тууралуу бир нече саатка абадан айгай салынып турду.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында бастырып кирген. БУУнун маалыматына караганда, 2023-жылдын июнь айына карата аскердик аракеттерден улам 8983 жайкын тургун каза болуп, 15 442си жараат алды. Бул маалыматтар толук эмес болушу ыктымал.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG