Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Сот Дамира Ниязалиеванын БШКнын чечимине каршы арызын четке какты


Бишкектин Ленин районунда өткөн кайра шайлоо. 28-май, 2023
Бишкектин Ленин районунда өткөн кайра шайлоо. 28-май, 2023

Бишкек шаарынын Административдик соту Ленин районунан депутаттыкка талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине байланыштуу берген арызын четке какты. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген. БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева Ниязалиева шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет жасады деген бир нече билдирүү келип түшкөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Ниязалиева БШКнын чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, сотко кайрылган. Сот арызды 9-июнда карады.

Соттун чечимине Ниязалиева жана анын адвокаты комментарий бере элек.

Буга чейин интернетте Дамира Ниязалиеванын добушуна окшош сүйлөгөн жаран менен башка жарандын маеги жарыяланган, анда добуш үчүн жарандарга 1500 сом төлөп берүү талкууланган.

Бишкектин Ленин районунда 28-майда кайра өткөн шайлоого келип катышкандардын 6242 добушун (35,83%) Дамира Ниязалиева алган.

Интернетке аталган аудио тасма тарагандан кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси – “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” боюнча иш козгоп, анын алкагында У.Р. жана А.А. аттуу жарандарды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Дамира Ниязалиева ал видеодогу сөздөр чындыкка дал келбей турганын “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирип, аудиону "монтаж" деп сыпаттаган. Талапкердин өзү дагы 30-майда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылган.

Айрым басылмалар кармалгандар шайлоодо Ниязалиева менен иштешкен Али-Аскар Абдыралиев менен Роман Уметбеков экенин жазышкан. Кийин алар үй камагына чыгарылган болчу.

Дамира Ниязалиева буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, вице-премьер-министр, Саламаттык сактоо министри кызматтарын аркалаган. Ал өлкөдөгү ири бизнесмен айымдардын бири. Кыргызстандын Элдик курултайынын аксакалдар кеңешинин мүчөсү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG