Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Президент Жапаров Июнь окуясынын 13 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кайрылуусунда 2010-жылдагы Июнь окуясы өлкө тарыхында мыкаачылык менен жасалган кылмыштар көп катталган, жүздөгөн адамдар набыт болгон окуя катары каларын белгиледи. "Калабада курман болгон мекендештер унутулбай" турганын айтты.

Анда улуттук биримдикти бекемдөө маселеси мамлекеттик бийлик үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп саналары жазылган.

"Биз кылымдар бою ынтымакта, тууганчылыкта жана боордоштукта жашаган көп улуттуу элбиз, июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттар аралык ынтымакты сактоо зарылдыгын эскертип турат. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу өлкө жарандарынын ортосундагы өз ара алакаларды жана улуттар аралык биримдикти бекемдөөнүн, калктын саясий маданиятын көтөрүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Мындай трагедия эч качан кайталанбашы үчүн 2010-жылдын июнь трагедиясы баарыбыз үчүн чоң сабак болушу керек", - деген Жапаров.

Ал 13 жыл мурдагы коогалаң мекендин коопсуздугун камсыз кылуу жеке эле мамлекеттин иши эмес, ар бир жаран милдеткер экенин көрсөткөнүн кошумчалаган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) июнь каргашасы тууралуу козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG