Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Акылбек Жапаров Сочиде Путин менен жолукту


Акылбек Жапаров Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. 9-июнь, 2023.
Акылбек Жапаров Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. 9-июнь, 2023.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарындагы сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жапаров Путин менен жолуккан учурда КМШ өкмөт башчыларынын Сочидеги жыйынында Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин сатуу, түзүү, иштетүү жана инвестициялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюлганын белгиледи.

Ал ошондой эле сооданы, инвестицияны жана экономикалык интеграциялар боюнча биргелешкен аракеттер ата мекендик ишкерлер үчүн жаңы багыттарды ачып, туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

“Азыркы шарттарда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө альтернативдүү валюталарды колдонууну кеңейтүү маанилүү”, - деген Акылбек Жапаров.

Жолугушууда КМШ мамлекет жана өкмөт башчыларынын кеңшинин кезектеги жыйыны ушул жылдын күзүндө Кыргызстандын төрагалыгы астында Бишкекте өтөрү айтылды.

Владимир Путин ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттеринин экономикасын өнүктүрүүдө соода байланыштарын кеңейтүү жана жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи.

“Өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүү, биргелешкен жаңы өндүрүштөрдү түзүү, өзгөчө “ЕАЭБде жасалган” деген жалпы соода маркасына жетүүбүз зарыл”, - деген Путин.

Жапаров Сочиде 7-9-июнь күндөрү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны, III Евразиялык конгресстин отурумуна катышты. Ушул эле күндөрү КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын II форуму жана "Евразия - биздин үйүбүз" көргөзмөсү өттү.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кыргызстан менен Армения уюмга 2015-жылы кошулган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG