Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Лукашенко: Согуштун башында Путин Крым боюнча сүйлөшүүлөргө даяр болчу


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын март айында Крым жарым аралынын (Москва аннексиялап алган) макамы боюнча сүйлөшүүгө даяр болгонун билдирди. Бул тууралуу ал “Россия 1” телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеевага берген интервьюсунда айтты.

Анын сөзү боюнча, Владимир Путин ага эки өлкөнүн делегациялары макулдашкан тынчтык келишиминин долбоорун жеке өзү тапшырган. Документте аннексияланган Крымды “узак мөөнөткө ижарага алуу” жазылган. Ал эми Донбасс маселесин Орусия менен Украинанын президенттеринин Түркиядагы жолугушуусунда талкуулоо сунушу берилген.

Буга чейин Украинанын президентинин мурдагы кеңешчиси Алексей Арестович тынчтык келишиминин долбоору бар экенин айткан. Ал 2022-жылдын жазында орус армиясынын биринчи оор жоготууларынан кийин Орусия согуш башталаар алдында койгон талаптарынын дээрлик бардыгынан, анын ичинде Крым менен Донбассты көзөмөлдөөдөн баш тарткан.

Бирок Орусия Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 50 миңге чейин азайтуу, Украинада орус тилине экинчи мамлекеттик тил статусун берүү талаптарын калтырганын билдирген.

Орусия февраль айында Украинага басып киргенден кийинки алгачкы жумаларда орус-украин делегациялары Беларуста жана Түркияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Эки жолугушууда бир да документке кол коюлган эмес.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG