Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

"Консолидация жана диалог" кыймылынын жыйыны үзгүлтүккө учурады


Консолидация жана диалог кыймылынын жыйынына чогулгандар жыйын залга кире албай турган учур. 1-июнь, 2023-жыл
Консолидация жана диалог кыймылынын жыйынына чогулгандар жыйын залга кире албай турган учур. 1-июнь, 2023-жыл

"Консолидация жана диалог" кыймылынын бүгүн, 1-июнда Бишкекте өтө турган жыйыны үзгүлтүккө учурады.

Уюмдун жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун билдиргендей, диалогго өлкө боюнча 80ден ашуун киши чакырылган.

“Hyatt мейканканасынын өкүлдөрү “Сиздердин жыйын саясатка байланыштуу экен, биз бийликке баш ийебиз” деп айтты. Дагы бир жүйөсүндө өрткө каршы күрөшүү кызматы жыйындар залына өрт коопсуздугунан улам мөөр басып, бекитип кеткенин айтышты. Алдын ала келишим түзүлүп, каражаты төлөнүп, жыйындар залында биздин жыйын өтөт деген макулдашуу бар болчу. Биз бул жерде бийлик биздин жыйынга атайын каршы чыкты деп айта албайбыз. Ошол эле учурда бул диалогду өткөрүүгө каршы чыгып аткан тараптар бар экенин белгилегим келет”, - деди Турсунбек Акун.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, бийлик өкүлдөрү, саясий, коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, адвокаттар, активисттер жана укук коргоочулар чакырылган.

Акун билдиргендей, кыймылдын бол жолку жыйынында дүйнөдөгү саясий окуялардын фонунда Кыргызстандын келечеги, тандаган жолу талкууланмак. Андан сырткары, Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандардын укуктары, өлкөдөгү кадр маселеси жана сөз эркиндигинин абалы тууралуу да сөз болмок.

Кыймылдын 30-мартта өткөргөн “Убакыт келди” аттуу улуттук форумунда сөз эркиндигинин абалы, Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан активисттердин ишиндеги ачык айтылбаган жагдайлар, геосаясий окуялардын Кыргызстандын коомдук-саясий абалына тийгизген таасири талкууланган.

Мындай иш-чаралар 7-февралда жана 10-мартта да өткөрүлгөн. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG