Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Парламентте балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү талабы айтылды


Чолпон Султанбекова.
Чолпон Султанбекова.

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова сот балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп соттолгондун жазасын жеңилдеткен фактыларды сынга алды. Бул маселе коомчулукту тынчсыздандырып жатканын билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

“Балдарды зордуктагандардын ишин тергөөдө так жүргүзүп жаза-чаралар катуу болушу керек. Зордук-зомбулук жасагандар жазасын аларын жана коом мындай жүрүм-турумга чыдабай турганын билиши керек”.

13-июнда Жогорку сот Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмүн өзгөрткөн. Сот ал адамды “коомдон ажыратпай туруп оңдосо болот” деген бүтүмгө келип, беш жылдык түрмөнүн ордуна эки жыл пробациялык көзөмөл жаза чарасын берип абактан чыкты.

Былтыр июнь айында Сокулук райондук соту эки жаштагы Егорду сабоого айыпталган 35 жаштагы Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткандан кийин облустук сотко апелляциялык арыз берилген.

Иш быйыл 22-мартта Чүй облустук сотунда каралып, райондук соттун “балага зордук көрсөтүп, кыйноо үчүн беш жылга эркинен ажыратуу” деген өкүмү ошо бойдон калтырылган.

Окуя былтыр февралда болгон. Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG