Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:11

Грекиядагы кеме кырсыгында жүздөгөн киши дайынсыз жоголду


Грекиянын түштүк тарабында мигранттар бараткан кеме чөгүп, жүздөгөн киши дайынсыз болууда.

14-июндагы кырсыкта 79 кишинин өлгөнү аныкталды, 100дөн ашууну куткарылды. BBC радиосу кемеде 750дөй киши болушу ыктымалдыгын жазды.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Ливиядан Италияны көздөй сапар тарткан кеме адамдын көптүгүнөн улам чөгүп кеткен. Издөө-куткаруу иштери эки күндөн бери уланууда.

Грекия бийлиги муну жыл башынан берки эң ири кеме кырсыгы экенин айтып, үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Грекия - Түндүк Африкадан жана Жакынкы Чыгыштан мигранттар башпаанек издеп, Европа Биримдигине барууга аракет кылган негизги жолдордун бири.

БУУнун маалыматы боюнча, буга чейин 72 миңдей мигрант ушундай жол менен Европага көчүп кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG