Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Иликтөө: Орусия тарапта согушкан борборазиялык 93 жаран Украинада каза болду


"Вагнердин" жоочуларынын көрүстөнү. Орусия, Краснодар аймагындагы Баку кыштагы. 22-январь, 2023-жыл
"Вагнердин" жоочуларынын көрүстөнү. Орусия, Краснодар аймагындагы Баку кыштагы. 22-январь, 2023-жыл

Украинадагы согушта Орусиянын тарабында салгылашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болду. Анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени "Би-Би-Синин" орус кызматы жарыялаган иликтөөдө айтылат.

Макалада "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.

Орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка азгыруу былтыр жайында башталган. "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин жабык жайларды өзү кыдырып, үгүт жүргүзгөнү маалымат каражаттарына чыккан. Согушка тартылгандардын арасында оор кылмыштар үчүн кесилгендер да бар.

2023-жылдын май айында Пригожин 20 миңдей жалданма аскери согуш талаасында мерт кеткенин, алардын жарымы абактан чыккандар экенин ырастаган.

Буга чейин "Азаттык" радиосу орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG