Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

"Азаттыктын" журналисттерине футболду чагылдырууга уруксат берилген жок


Кыргызстан менен Ооганстан командаларынын Улуттар кубогундагы беттеши. 2023-жылдын 10-июну.
Кыргызстан менен Ооганстан командаларынын Улуттар кубогундагы беттеши. 2023-жылдын 10-июну.

Кыргыз футбол бирлиги (КФБ) Бишкекте өтүп жаткан Улуттар кубогунун оюндарын чагылдыруу үчүн “Азаттыктын” журналисттерине берген аккредитацияны чакыртып алды. Бул тууралуу бирлик 15-июнда билдирди.

КФБ жиберген маалыматта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөө тууралуу былтыркы 26-октябрдагы жана 23-декабрдагы чечимдерин жүйө катары көрсөткөн.

“КФБ Кыргызстандын аймагында масштабдуу спорттук иш-чараларды уюштурганда мыйзамдын жана өлкөнүн укуктук мейкиндигинин чегинде иш жүргүзөт. Бирлик мамлекеттик органдардын кабыл алган чечимдерин тааныбай кое албайт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкекте 10-июндан 16-июнга чейин Борбор Азиянын футбол Ассоциациясы уюштурган CAFA NATIONS CUP-2023 аталышындагы мелдештин тайпалык оюндар өтүүдө. Кыргызстан В тайпасында Ооганстан жана Иран командалары менен беттешет.

10-июнда болгон Кыргызстан менен Ооганстандын футбол курамаларынын беттешинин алдында КФБ “Азаттыктын” кабарчысы Гүлжан Турдубаевага жана “Азаттыктын» ооган кызматынын эки кабарчысына оюнду чагылдырууга уруксат берилбегенин маалымдаган. Кабарчылар оюн болордон бир күн мурда аккредитациядан өтүп, расмий тастыктама алышкан.

16-июнда Кыргызстан менен Ирандын футбол командалары беттешет. Оюн саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Маданият министрлиги былтыр октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын, банктагы эсебин бөгөттөгөн. Бул боюнча "Азаттыктын" доо арызы сотто каралып жатат. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG