Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Түркия-Иран чек арасы: ара жолдо калган оогандык качкындар


Ооганстандын Иран менен чектеш Нимроз провинциясындагы качкындар. 3-июнь, 2023-жыл.
Ооганстандын Иран менен чектеш Нимроз провинциясындагы качкындар. 3-июнь, 2023-жыл.

ВВС басылмасы ооганстандык качкындар Иран-Түркия чек арасында кыйноого жана сексуалдык зомбулукка кабылганын иликтеп чыкты. Журналисттер түрк чек арачылары артка кайтарган качкындар Иранда кылмыштуу топтордун бутасына илинип жатканын аныктаган.

Түркиянын аймагына мыйзамсыз түрдө кире качкан ооган качкындар болсо массалык түрдө депортацияланууда.

Ал эми Орусияда баш калкалаган ооганстандыктар соңку айларда башпаанек сурап кайрылган арыздары канаатандырылбай жатканын айтышууда. Серепчилер орус бийлиги Ооганстанда абал турукташканын жүйө кылып, качкындарды өз мекенине жөнөтүүнүн камын көрүүдө.

Чек арада кыйноого кабылган качкындар

Талибдер Кабулдагы бийликти 2021-жылы август айында басып алгандан бери жүз миңдеген ооганстандык мекенин таштап, качууга мажбур болгон. Дээрлик көпчүлүгү Иран аркылуу Түркияга кирүүнү көздөп, жөө жолго чыккандар. Бул кооптуу жолдо ооган качкындарынан акча өндүрүп алууну каалаган кылмыштуу топтордун саны да көбөйдү.

"Атайын топтор чек аранын Иран тарабында адамдарды уурдап, көбүнчө аткезчилер менен кызматташып, коопсуз өтүүнү камсыз кылуу үчүн ири өлчөмдө акча талап кылышат", - деп айтылат ВВС басылмасынын иликтөөсүндө.

Анда ошондой эле барымтага алынган делген качкындар тартылган айрым видеолор тууралуу сөз болгон. Анын биринде моюнуна чынжыр тагынган ооганстандыктар аларды бошотууну суранышкан.

"Бул видеону ким көрүп жатса, мени кечээ уурдап кетишти. Ар бирибизден төрт миң доллар талап кылып жатышат. Бизди күнү-түнү сабап атышат", - деп айтып атканын көрүүгө болот.

Ооганстан жана Иран чек арасы. 19-август, 2021-жыл.
Ооганстан жана Иран чек арасы. 19-август, 2021-жыл.

Дагы бир видеодо бир топ жылаңач кишилерди кардын үстүндө камчы менен сабап жатышканы көрсөтүлгөн. Анда зордукталды делген бир ооган киши "менин үй-бүлөм бар, мага мындай кылбагыла, менин аялым, балдарым бар, ырайым кылгыла" деп ыйлап атканын көрүүгө болот.

ВВСнин иликтөөчү журналисттери иран-түрк чек арасында ишенимдүү активисттери иштеп атканын, алар зордук-зомбулукка кабылган кеминде 10 киши менен сүйлөшкөнүн, акыркы үч жылдан бери күнүнө кыйноого кабылган качкындар тууралуу 2-3 видео түшүп турганын жазды.

Түркия дүйнөдө эң көп качкын кабыл алган өлкө

Орусиянын Украинага кол салышы, Судандагы аскердик аракеттер жана Ооганстандагы окуялардан улам былтыртан бери үй-жайын таштап качууга аргасыз болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу 14-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги билдирди.

"Менин оюмча, 2022-жылга карата расмий көрсөткүч 108 миллиондун тегерегинде болчу. Эми судандыктарды жана бир канча башка өлкө жарандарын кошсок, учурда дүйнөдө 110 миллион качкын бар. Алар согуштан, куугунтуктан, зордук--зомбулуктан жана климаттын өзгөрүшүнөн качкан 110 миллион киши", - деди БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкы комиссары Филиппо Гранди.

Ал өз сөзүндө кайсыл өлкө экенин так атабаса да, качкындарды кабыл алуу жана артка кайтаруу боюнча катаал эрежелер колдонулуп атканы тууралуу тынчсыздануусун билдирди.

Баарынан көп качкын кабыл алган мамлекеттердин сап башында Түркия (3,6 миллион) турат. Андан кийинки орундарда Иран (3,4 миллион), Колумбия (2,5 миллион), Германия (2,1 миллион).

2016-жылы Брюссел менен Анкара качкындар маселесинде мунасага келген. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарды өз аймагында убактылуу баш калкалатып, Батышка өткөрбөй турмак. Бул үчүн Евробиримдиктен каржылык жардам алмай болгон.

БУУнун Качкындар агенттигинин (UNHCR) маалыматы боюнча ушул тапта түрк жергесинде 3,6 миллионго чукул качкын баш калкалайт. Алардын 100 миңдейине туруктуу жашоого уруксат берилген. Өлкөдө сириялыктардан башка расмий качкын макамын алган 100 миңдей ооганстандык бар экени айтылат. Анткен менен серепчилер дагы 500 миңдей ооган качкыны мыйзамсыз кирип, кооптуу жагдай жаратып жатканын айтып келет.

Мигранттарды убактылуу кармоочу жай. Измир шаары. 2016-жыл.
Мигранттарды убактылуу кармоочу жай. Измир шаары. 2016-жыл.

Түрк бийлигинин качкындарды "тазалоо" иш-чарасы жыл башынан бери иштеп жатканын жергиликтүү басылмалар утур-утуру жазып келет. Айрыкча соңку күндөрү ооган жана пакистан жарандарынын түрк аялдарга ыдык көрсөткөнү тууралуу кабарлар соцтармактарда кеңири жайылып, коомдо бир топ чыңалуу жараткан.

12-июндагы Түркиянын Миграция департаментинин расмий маалыматына ылайык, жыл башынан бери 42.675 мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк өлкөсүнө депортацияланган. Алардын 4.550ү Ооганстанга кайтарылган.

Оппозициячыл партиянын өкүлдөрү ооган жана сириялык качкындардын түрк экономикасына келтирген чыгымын баса белгилеп, жалпы сумма 100 миллиард доллардан ашканын айтып келишет.

Качкындар маселеси президенттик жана парламенттик шайлоо алдында дагы бир жолу көтөрүлдү. Шайлоо өнөктүк маалында оппозициячыл талапкер Кемал Кылычдароглу "качкындарды түп тамыры менен үйлөрүнө жөнөтөбүз" деген.

Шайлоодо жеңип чыккан президент Режеп Тайып Эрдоган "Сирияда 1 миллионго киши баш калкалай ала турчу турак жай долбоорлорун даярдадык, качкындардын өз өлкөлөрүнө кайтуусун камсыз кылабыз" деп убадалады.

Айрым серепчилер бул шайлоо алдында жүз миңдеген ооган жана сириялыктарга жарандык берилгенин, алардын добушу шайлоонун экинчи айлампасында чоң мааниге ээ болгонун айтып келишет. Буга Европадагы айрым түрк блогерлердин видеолору да себеп болгон. Анда шайлоо тилкесине келген кишилердин арасында "мен ооганмын" же "мен сириялыкмын" деп айткандарын көрсөк болот.

Деген менен түрк жарандыгын алган канча чет өлкөлүк шайлоого катышканы тууралуу расмий маалымат жок.

Mixed Migration изилдөө борборунун статистикасына ылайык, былтыр 144 миңден ашык качкын Түркия аркылуу Евробиримдиктин чек арасынан өтүүгө аракет кылган. Дээрлик көпчүлүгү сириялык жана ооганстандык бойго жеткен эркектер. Качкындардын 10% гана аялдар жана балдар.

Орусиядагы ооган качкындарынын абалы арсар

Ал арада Кавказ.Реалии сайты соңку айларда Түштүк жана Түндүк Кавказдын соттору Орусиядан башпаанек сураган ооган качкындарынын ондогон доо арызын карашканын жазат. Алардын көбү 2021-жылы бийликке талибдер келгенден кийин мекенинде куугунтукка кабылып, Орусияга барышкан. Бирок соттор Ооганстан учурда коопсуз өлкө экенин жүйө келтирип, качкындардын бардык дооматтарын четке кагууда.

Алсак быйыл апрелде Волгоград райондук соту 2019-жылы эки баласы менен Орусияга көчүп барган Мохаммад Самир менен аялы Рон Ширзайга карата Ички иштер министрлигинин чечимине каршы апеляциялык арызды четке какты. Мохаммад сотто талибдер анын америкалык аскер базасында иштегенин, Индияда жогорку билим алганын, Ооганстандын мамлекеттик мекемелеринде жана жергиликтүү телеканалда иштегенин билип, коркутканынан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун жүйө келтирип, башпаанек сураган. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Сот "Ооганстанда алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келбейт" деген бүтүм чыгарган. Мындай чечимдер Орусияда ооганстандыктарга карата чыгарылган ондогон мисалдардын бири гана.

Андрей Серенко.
Андрей Серенко.

"Талибдер бийликке келгенден бери эч кандай оң өзгөрүүлөр болгон жок, мындай билдирүүлөр калп",- дейт Орусиядагы “Ооганстанды изилдөө борборунун” эксперти Андрей Серенко.

"Орусиянын Ички иштер министрлиги жана соттору өз позициясын актоо үчүн Ооганстандагы абалдын аз да болсо өзгөргөнүн себеп катары көрсөтүүдө. Аларга башпаанек бербөөнүн бирден-бир себеби ооган качкындары мамлекеттен социалдык жардам талап кылабы деген коркунуч бар. Бүгүнкү күндө бардык каражаттар Орусияга көчүп келген украиндерге жумшалган", - дейт саясат таануучу.

Серенконун айтымында, бүгүнкү күндө бир гана оогандар эмес, Орусиядан башпаанек алууга аракет кылып жаткан башка улуттардын өкүлдөрү да ушундай абалда.

4-майда "Мемориал" укук коргоо уюму 2019-2022-жылдары Орусиядагы оогандардын 80% башпаанек берилбегенин билдирди. Адвокаттар орус бийлиги ооган качкындар мекениндеги саясий же социалдык жашоосу тууралуу чыныгы далилдерди келтирбегенин жүйө кылып, арыздары канааттандырылбай жатканын айтышат.

"Талибан" кыймылынын бийликке келиши менен ансыз да согуштан жабыркаган Ооганстанда экономикалык кырдаал ого бетер начарлап, гуманитардык кризис каптады.

Былтыр декабрда "Талибан" кыймылы бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштешине тыюу салгандан кийин бир катар эл аралык уюмдар өлкөдөгү ишмердигин токтото баштаган. Талибдердин жаңы эрежеси миллиондогон адам бейөкмөт уюмдар аркылуу эл аралык донорлордон келген гуманитардык жардамга көз каранды болуп турган учурга туш келген.

"Талибан" кыймылы Кыргызстанда "экстремисттик" деп табылып, сот анын ишмердигине 2006-жылы тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG