Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:05

Баткен: Чек арадагы 417 үйдүн курулушу бүттү


Баткен. 2023-жылдын 15-июну.
Баткен. 2023-жылдын 15-июну.

Баткен облусунда былтыр чек арадагы куралдуу каргашада талкаланган 417 үйдүн ордуна 416 үй cалынып бүттү. Бул тууралуу 15-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай айылында калган бир үйдүн курулушу эки күндө аяктайт.

Жалпысынан чек арадагы үйлөрдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сомдон ашуун бөлүнгөнүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лейлек районунда эл менен жолукканда айтты.

Жапаров ошондой эле ротация менен Баткенге барган жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери үчүн салынып жаткан кызматтык үйлөрдүн курулушу менен таанышып чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш иштери 85% аяктап калды, жалпысынан облус аймагында мындай үйлөрдөн 31и курулат деп мерчемделүүдө.

15-июнда Жогорку Кеңеште депутат Тазабек Икрамов куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү салууга тендерди уткан “Аманат Строй Инвест” жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей жатканын билдирди. Эл өкүлү жалданган компаниялар ишкерлерден 19 млн. 680 миң сомдук курулуш материалдарды алып, акчасын ушул күнгө чейин бербей жатканын айтты.

“Аманат Строй Инвест” компаниясы парламентте көтөрүлгөн маселе тууралуу комментарий бере элек.

"Азаттыктын” журналисттери Достук жана Капчыгай айылдарында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электигин иликтеп чыкты.

Баткен: Миллиондорун доолаган ишкерлер, “Аманат строй инвест” жалдаган компаниялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:57 0:00

2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан ондогон кыргызстандык каза болгон, жүздөгөн адам үй-жайынан айрылган, миңдеген киши башка аймактарга качып чыккан. Жабыркаган үйлөрдүн жүздөйү Лейлек районунда, үч жүздөн ашууну Баткен районунда экени кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG