Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

УКМК Баткенде аткезчилик менен дары алып келгендер кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт: аткезчилик менен алынып келинген дары-дармектер.
УКМК тараткан сүрөт: аткезчилик менен алынып келинген дары-дармектер.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткенде коңшу мамлекеттердин биринен аткезчилик менен алынып келинген дары-дармектер кармалганын билдирди. Бирок кайсы өлкөдөн ташылып келатканын тактаган жок.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 9-июнда "Ауди А6" үлгүсүндөгү автоунаа менен кетип бараткан Лейлек районунун эки тургуну кармалган. Алар дары-дармектерди Лейлек районунан Кадамжай районуна сатуу үчүн алып баратканы аныкталган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG