Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:03

Күрөш (U23): кыргызстандык эки балбан Азия чемпионатынын финалына чыкты


Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U23) мүчөсү Жеңиш Жумабеков. 16-июнь, 2023-ж. Бишкек.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U23) мүчөсү Жеңиш Жумабеков. 16-июнь, 2023-ж. Бишкек.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Улан Муратбек уулу жана Жеңиш Жумабеков алтын байге үчүн күрөшөт.

Бүгүн, 16-июнда “Бишкек-Арена” спорт комплексинде грек-рим күрөшүнөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өтүп жатат.

Грек-рим күрөшүнөн 55 килограмм салмакта финалда кыргызстандык Улан Муратбек уулу казакстандык Ербол Камалиев күрөшөт. Муратбек уулу буга чейин Өзбекстандык Асадбек Бахрамовду (5:0), түркмөнстандык Абдували Рахимбаевди (10:2), жарым финалда индиялык Лалит Латитти (12:7) уткан. Казакстандык Камалиев дагы индиялык, сауд арабиялык жана өзбекстандык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.

87 килограмм салмакта алтын байге үчүн Жеңиш Жумабеков дагы бир казакстандык Максат Сайлау менен беттешет. Буга чейин Жумабеков түркмөнстандык Азым Аннамаммедов (5:3) менен индиялык Маной Кумарды (9:0) жеңип алган.

Күрөштүн бул түрүнөн 63 килограмм салмакта күч сынашкан Бекназар бакытбек уулу айлампа тартибинде эки беттешке чыгып, казакстандык Ассаухат Мухамедиевге жеңилип, түрмөнстандык Рысгал Куватгелдиевди утуп байге үчүн таймаштан четтеди.

Финалдык бөлүктөгү таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат. Күрөштүн бул түрүнөн 15-июнда өткөн таймаштарда Кыргызстандын жаштар курама командасы (U23) эки алтын, төрт күмүш байгеге ээ болгон.

Бүгүнкү финалдык бөлүктө кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын үч мүчөсү айлампа тартибиндеги таймаштардын акыркы 5-раундунда күч сынашат.

76 килограмм салмакта Кайыргүл Шаршебаева Кытай Тайбэйинин өкүлү Пиң Цен Ханг менен күрөшөт. Шаршебаевага ага чейин индиялык Харшита Харшитага жеңилип, өзбекстандык Озода Зарипбоева менен казакстандык Инкара Жанатаеваны жеңген. 59 килограмм салмакта Гүлдана Баатырбекова вьетнамдык Анх Туйет Тран менен күрөшөт. 55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы индиялык Жиоти Жиоти менен күрөшөт. Аталган балбан кыздар экөө тең буга чейин үч атаандашына жеңилген.

Айлампа тартибинде өткөн таймаштардын жыйынтыгында 68 килограмм салмакта күч сынашкан Нурзат Нуртаевада эки жеңиш, бир жеңилүү бар. Нуртаева бул салмаакта боло турган 5-раунддагы таймаштардын жыйынтыгында коло байге ээси болуп калышы ыктымал. Ошондой эле күмүш же коло байге алуу мүмкүнчүлүгү 76 килограмм салмакта күч сынашкан Кайыргүл Шаршебаевада дагы бар.

15-июнда башталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты “Бишкек-Арена” спорт комплексинде 18-июнга чейин уланат. Буга чейин 10-июндан 13-июнга чейин ушул эле спорт комплексте күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын балбандары беш алтын, үч күмүш жана беш коло байгеге ээ болушкан. Удаа өтүп жаткан кош чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келген. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG