Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Боррелл Косово менен Сербиянын лидерлерин Брюсселге чакырды

Сербиянын президенти Александр Вучич (сол жакта), Косовонун премьер-министри Албин Курти (оң жакта) Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл (ортодо сол тарапта) менен жолугуп жатышат. Брюссель. 27-февраль, 2023-жыл. AP Photo/Virginia Mayo.

Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл Сербиянын президент Александр Вучич менен Косовонун өкмөт башчысы Альбин Куртини эки өлкө ортосундагы чыңалууну жайгаруу максатында кийинки жумага Брюсселге чакырды.

Косово полициясы 14-июнда билдиргендей, мыйзамсыз аткезчиликти ооздуктоо максатында жолго чыккан үч офицер дайынсыз жоголгон. Косовонун ички иштер министри Желал Швечла «полициячыларды уурдап кетти» деп Сербияны айыптады.

Белград офицерлер Сербиянын аймагында кармалганын билдирди.

Бул окуядан бир нече жума мурда Косовонун түндүгүндө этностук сербдер менен Косоводогу туруктуулукту камсыздоо боюнча эл аралык күчтөрү кагылыша кетишкен. Жыйынтыгында отуз чакты аскер жарадар болгон.

16-июнда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун аймактагы кабарчылары билдиргендей, Сербиянын түштүгүндөгү Кралево шаарынын соту үч полициячыны камакта калтыруу чечимин кабыл алган. АКШ менен Британия эки өлкө ортосундагы чыңалууну төмөндөтүү үчүн Сербияны полиция кызматкерлерин токтоосуз бошотууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG