Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Орусиялык рэпер Моргенштерн Бишкектеги фестивалга катышпай турган болду


Моргенштерн.
Моргенштерн.

Орусиялык рэпер Моргенштерн Бишкекте өтө турган Alga Fest музыка фестивалына катышпасын уюштуруучулар Инстаграмдагы баракчасына жазышты. Маалыматта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ырчынын иш-чарага катышуусуна каршы экендигин билдирген каты кошо жарыяланды.

Министрдин орун басары Чынгыз Эсенгуловдун колу коюлган катта "мекеме Моргенштерндин концертте ырдап чыгуусу Кыргызстандын "Маданият" жөнүндө мыйзамына туура келбеси жана элдин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимге карама-каршы келген маданий иш-чаралардын өтүүсүнө каршы экени" жазылган.

Орусиялык рэпер Монгерштерндин Бишкекте ырдашына каршылыгын билдирген министрликтин каты. Бишкек. 16-июнь, 2023-жыл.
Орусиялык рэпер Монгерштерндин Бишкекте ырдашына каршылыгын билдирген министрликтин каты. Бишкек. 16-июнь, 2023-жыл.

Бишкекте 23-24-июнь күндөрү Alga Fest музыка фестивалы өтөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик артисттер катышат. Концерттин биринчи күнүндө орусиялык рэпер Моргенштерн ырдай турганы көрсөтүлгөн. Ал Bishkek Arena имаратында өтөт.


Моргенштерндин толук аты-жөнү Алишер Моргенштерн. Ырчынын Ютуб каналында 12 миллионго жакын катталуучу бар. Ал Украинадагы согушту ачык сындагандан кийин Орусиянын Юстиция министрлиги “чет элдик агент” тизмесине киргизген.

Моргенштерндин Бишкекте ырдашына Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары каршы чыгышкан. Алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен ырчыны Кыргызстанга келтирбөөнү талап кылышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG