Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Эркин күрөш (U23): үч балбан Азия чемпионатынын финалына чыкты


Орозобек Токтомамбетов. 17-июль, 2023-жыл. Бишкек.
Орозобек Токтомамбетов. 17-июль, 2023-жыл. Бишкек.

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Бекзат Алмаз уулу, Орозобек Токтомамбетов жана Каныбек Абдулхаиров финалга чыгышты.

“Бишкек-Арена” спорт комплексинде бүгүн, 17-июнда эркин күрөштөн үч салмакта, кыз-келиндер күрөшүнөн беш салмакта таймаштар өтүп жатат.

Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу финалда казакстандык Ерассыл Мухтарулы менен беттешет. Алмаз уулу финалга чейин түркмөнстандык Атажан Меретдурдиевди (10:0), монголиялык Мунх Эрдене Батхуягды (11:1), жарым финалда индиялык Шубхам Шубхамды (15:5) жеңип алган.

70 килограмм салмакта финалда Орозобек Токтомамбетов тажикстандык Мустафо Ахмедов менен күрөшөт. Буга чейин Токтомамбетов чейрек финалда Кытай Тайбэйинин өкүлү Хонг Ю Ченди (10:0), жарым финалда индиялык Абхиманю Абхиманюну (13:1) утуп алган.

97 килограмм салмакта Каныбек Абдулхаиров казакстандык Юнус Гафуров менен алтын байге үчүн таймашат. Буга чейин Абдулхаиров чейрек финалда индиялык Сахил Сахилди (11:1), жарым финалда өзбекстандык Мухаммадрасул Рахимовду (3:1) жеңип, алтын байге үчүн таймашка жолдомо алган.

Бул күнү кыз-келиндер күрөшүнөн төрт салмакта кыргызстандык кыздар күч сынашып, экөө коло байге үчүн беттешке чыгат. 57 килограмм салмакта Бермет Нуридин кызы казакстандык Нулифар Раимова менен коло байге үчүн күрөшөт. 65 килограмм салмакта Дилназ Сазанова коло байге үчүн дагы бир казакстандык Альбина Кайргелдинова менен күрөшөт. Сазанова айлампа тартибинде өткөн таймаштарда дал ушул Кайргелдинова менен камерундук Канха Чеаны утуп, жарым финалда индиялык Бхатери Бхатериге жеңилген. Финалдык таймаштар саат 18:00дө башталат.

Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 кг) менен Таңчолпон Кыбалбекова (62 кг) айлампа тартибинде өткөн таймаштарда атаандаштарына жеңилип, байге үчүн күч сынашуудан четтеп калышты.

Күрөштүн бул түрүнөн кечээ, 16-июнда өткөн таймаштарда Кыргызстандын эсебине бир күмүш жана бир коло байге жазылган. 76 килограмм салмакта Кайыргүл Шаршебаева күмүш, 68 килограмм салмакта Нурзат Нуртаева коло байге алган.

Ага чейин болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда Кыргызстандын балбандары үч алтын жана беш күмүш медал менен командалык эсепте Казакстандан кийин 2-орунду ээледи.

15-июнда башталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты “Бишкек-Арена” спорт комплексинде 18-июнга чейин уланат. Буга чейин 10-июндан 13-июнга чейин ушул эле спорт комплексте күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын балбандары беш алтын, үч күмүш жана беш коло байгеге ээ болушкан. Удаа өтүп жаткан кош чемпионатка 22 мамлекеттен 500гө жакын спортчу келген. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG