Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Блинкен иш сапары менен Кытайда жүрөт


Энтони Блинкен (солдо) Кытайда. 2023-жылдын 18-июну.
Энтони Блинкен (солдо) Кытайда. 2023-жылдын 18-июну.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ жана Кытайдын ортосундагы чыңалууну басуу максатында жогорку деңгээлдеги дипломатиялык миссия менен эки күнгө Бээжинге барды.

Синхуа мамлекеттик маалымат агенттигинин жазганына караганда, 18-июнда ал Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган менен жолукту.

Эки күн аралыгында Блинкен Кытайдын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ал президент Жо Байден президенттик кызматка келгенден бери Кытайга барган эң жогорку деңгээлдеги америкалык биринчи кызматкер.

Акыркы беш жылда Кытайга АКШнын мамлекеттик катчысы биринчи жолу барып отурат.

Орусия Украинага кол салгандан бери АКШ баштаган НАТО мамлекеттери Киевге колдоо көргөзүп келатат. Ал эми Кытай Орусиянын аракеттерин тышкы саясатында колдоп жатканы маалым. Кытай мындан тышкары Борбор Азия мамлекеттери менен да жылуу дипломатиялык мамилесин чыңдап жатат.

XS
SM
MD
LG