Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:15

Грузия: Карын эне бизнеси. Чет элдиктерди тейлөөгө тыюу салуу сунушу


Орусия Украинага басып киргенден кийин Грузияда суррогат энелерге талап көбөйгөнү айтылууда.
Орусия Украинага басып киргенден кийин Грузияда суррогат энелерге талап көбөйгөнү айтылууда.

Грузияда чет элдиктер эми карын эненин кызматынан пайдалана албай калышы мүмкүн. Өкмөт тиешелүү мыйзам долбоорун өлкөнүн парламентине жөнөттү. Премьер-министр Ираклий Гарибашвили мындай "кирешелүү бизнести" чектөө зарылдыгын билдирди. Ал ошондой эле Грузияда төрөлгөн балдар бир жыныстагы жубайлар үчүн өлкөдөн чыгарылып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Орус бийлиги былтыр карын энелердин чет элдиктерге кызмат көрсөтүшүнө тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Кремль да дал ушундай эле жүйөлөрдү келтирген. Анда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин бул мыйзам "бала сатууну алдын алуу, ымыркайлардын бир жыныстуу жубайларга берүүдөн же органдарын сатуудан коргоого" жол берерин айткан.

Сизге 2022-жылы ноябрда "Азаттык" радиосунун грузин кызматы жарыялаган макаланы сунуштайбыз. Aнда Орусия Украинага басып киргенден кийин Грузияда карын энелерге талап көбөйгөнү тууралуу сөз болот.

Жети айлык боюнда бар, 38 жаштагы Нино араң дем алып отурат. Ичкен дарылардан башы айланып, жаны жер тарткандай көрүнөт. Тбилисинин четинде жайгашкан үч бөлмөлүү кичинекей батирде жашаган Нино жакында эгиз төрөйт. Дарыгер ага керебеттен турбай жатууну сунуштаган.

Кош бойлуу Нино ооруп калганда, үй жумуштарын үч баласы кылат.

Анын күйөөсү иштейт, бирок кирешеси туруксуз.

"Айына 600 лари (218 доллар) ижара акысын беребиз. Ошондуктан мен карын эне болууга макул болдум. Балким кандайдыр бир жол менен кичинекей үй сатып алармын", - дейт ал.

Нинонун 22 жаштагы уулу анын карын эне болушуна карманча-каршы чыккан.

15 жашында турмушка чыккан Нино "Мен уулума муну жакшы жашайлы деп жасап жатканымды, мындан башка жол жок экенин айттым. Чет өлкөгө чыгып, ал жакта иштесек деле болмок, бирок муну мен каалабайм. Балдарымды таштап, үйдөн алыс кетким келген жок" дейт.

Грузиялыктар Орусия жана Европада иштеген жакындарынын салган акчасы менен жашап келген, бирок беш жыл мурун виза режими киргизилгенден кийин мигранттардын да саны азайган.

Kарын энелерге берилген сумма башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн болгондуктан, бул бизнес Грузияда мындан ары да күчөйт деп божомолдогондор бар.
Kарын энелерге берилген сумма башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн болгондуктан, бул бизнес Грузияда мындан ары да күчөйт деп божомолдогондор бар.

Бирок күчтүү мыйзамдык нормалардын жоктугунан карын эне бизнеси учурда Грузияда тез өнүгүүдө. Бизнестин бул түрү суроо-талаптын өсүшүнөн жана башка өлкөлөрдүн карын энелердин төрөтү боюнча мыйзамдарды кабыл алууну каалабагандыгынан, ыңгайлуу жана кирешелүү болууда.

Карын энелердин акысы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан болгондуктан, бул бизнес Грузияда мындан ары да кеңейиши да мүмкүн.

Грузияда карын эне 10-20 миң доллардын тегерегинде акы алышат. АКШга караганда бул сумма алда канча аз.

Нино ушуну менен экинчи жолу карын эне болот. Ал азыр индиялык жубайлардын эгиз балдарын көтөрүп жүрөт. Жубайлар Ниного төрөттөн кийин 15 миң доллар накталай акча жана медициналык чыгымдарды төлөшү керек.

Грузиялык келин карын энеликти алгач 2015-жылы уккан. Анда Нино жашоосунда айрым маселелерге кептелгени менен, мындай "укмуштуу сунушка" көңүлү толгон эмес.

Беш жылдан кийин, 2020-жылы, ал чет өлкөлүк жубайларга уул төрөп берген. Бирок төрөгөн наристени көргөндө башкача сезимдер пайда болгонун жашырбайт.

"Биз баарыбыз адамбыз. Эмбрион жатыныма коюлардан мурун мен өзүмдү "бул баланы мен көтөрүп гана берем, тогуз айдан кийин ата-энесине кайтарып беришим керек" деп көндүрө баштадым", - дейт Нино.

Күйөөсү экөө андан алган 10 миң долларды кыялындагы үйдү алабыз деп катып коюшкан.

Нино курсагындагы эгиздер анын акыркы мүмкүнчүлүгү экенин жакшы билет, анткени ымыркай менен эненин саламаттыгына байланыштуу кыйынчылыктарды алдын алуу үчүн агенттиктер адатта 21 жаштан 38 жашка чейинки аялдарды жалдайт.

Кийин Нино кошуналарына жаңы төрөлгөн ымыркайы чарчап калганын айтам деп камынып турат.

Бир канча өлкөдө гана мыйзамдаштырылган

1985-жылы америкалык үй кожойкеси Шеннон Бофф өзү менен генетикалык байланышы жок бала төрөгөн биринчи аял болуп калган. Андан бери дүйнөнүн саналуу гана өлкөлөрү коммерциялык карын энеликти энеликти мыйзамдаштырды.

Беш миллион калкы бар Грузия постсоветтик чөлкөмдө алгачкылардан болуп 1997-жылы "карын эне" бизнесине ылайыктуу платформа түзгөн.

Cуррогаттык ошондой эле Австралия, АКШ, Канада, Колумбия, Мексика, Украина жана Улуу Британияда мыйзамдаштырылган. Соңку маалыматтарга ылайык, Лаосто да буга мыйзaм жол берет.

Грузияда карын энеден биринчи бала 2007-жылы төрөлгөн.

Aмерикалык үй кожойкеси Шеннон Бофф аны менен генетикалык байланышы жок бала төрөгөн тарыхтагы биринчи аял.
Aмерикалык үй кожойкеси Шеннон Бофф аны менен генетикалык байланышы жок бала төрөгөн тарыхтагы биринчи аял.

Грузин мыйзамдары акысыз көтөрүп, төрөгөн карын энеликке да жол берет. Ал мыйзамдар карын энеден төрөлгөн балалуу болууга гетеросексуалдык, мыйзамдуу түрдө никеде турган же чогуу жашаган жубайларга гана укук берет, бирок башка жол менен карын энеликке жана агенттиктердин бизнесине, өзгөчө эл аралык кардарларга чоң өбөлгө түзөт.

Карын эне бизнесинде дүйнөдө лидер өлкөлөрдүн бири - Индия 2015-жылы чет элдиктерге тыюу салган. Ал эми Евробиримдик грузиялыктарга виза режимин жеңилдеткенден баштап, ишкерликтин бул түрү гүлдөй баштаган.

Грузин мыйзамдарында ошондой эле төрөттөн кийин карын энеден төрөлгөн балдар өз ата-энелерине таандык болуп, туулгандыгы тууралуу күбөлүктө алардын аттары гана көрсөтүлөрү каралган.

"Периштедей балдар"

50 жаштагы Майя жана анын 62 жаштагы күйөөсү карын энеге кайрылганга чейин 11 жыл бою жасалма уруктандыруу жолу менен балалуу болууга аракет кылышкан.

Акыр-аягы кичинекей чарбачылыгынан түшкөн каражат жетпей, банктан насыя алып, карын энеге 20 миң доллар акча чогултушкан.

Жубайлар атайын агенттикке кайрылып, бирок бир да жолу чүрпөлөрүн тогуз ай көтөрө турган карын энени жүзүнөн көрүшкөн эмес. Кийин агенттик жалданган аялдын боюна бүткөнүн, Майянын эгиздерин көтөргөн аялдын саламаттыгы жакшы экенин кабарлаган.

"Ал аял догдурга барган сайын мен өзүм текшерүүдөн өтүп жаткандай сезилчү", - дейт Майя. Жубайлар бул жараянды туугандарынан жашырышкан эмес.

Cуррогат энелик Австралия, АКШ, Канада, Колумбия, Мексика, Украина жана Улуу Британияда мыйзамдаштырылган.
Cуррогат энелик Австралия, АКШ, Канада, Колумбия, Мексика, Украина жана Улуу Британияда мыйзамдаштырылган.

Бир күнү Тбилисидеги агенттиктин кызматкери телефон чалып, карын эне алардын эгиздерин күнүнөн бир ай мурун төрөгөнү жатканын кабарлаган. Майя кышында шаарды көздөй кантип жеткенин, кызы менен уулунун сүйүнчүсүн телефондон алганын эстеп отурат.

"Мени чоочун адамдар эле курчап куттуктап атышты. Эмоцияларымды кантип билдиреримди билбей калдым. Же ыйлай албайм же күлө албайм. Төрөтканага кантип жеткеним да эсимде жок", - дейт Майя.

Анда коронавирус пандeмиясынын чектөөлөрү күч алып тургандыктан дарыгерлер эгиздердин сүрөттөрүн гана көрсөтүшкөн. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар ооруканада бир ай жаткандан кийин ата-энесинин колуна тийген.

Грузияда жасалма уруктандыруу боюнча иш алып барган ондон ашык клиникалар бар. Ошондой эле карын энелерди таап берген ондогон агенттиктер да иштейт. Алар балалуу болууну каалаган жубайлар менен потенциалдуу карын энелерди жолуктурат.

Бул тармакта 15 жылдан бери иштеп, акыркы тогуз жылдан бери өзүнүн агенттигин иштеткен тбилисилик Тамар Гвазава мындай кызмат сөзсүз керек деген ойдо. Тамар бул дүйнөгө 3000дей чүрпөнүн төрөлүшүнө шарт түзгөнүнө сыймыктанат.

Тамар Гвазава
Тамар Гвазава

"Клиника менен догдурлар карын энеге көңүл буруп, ал убагында дары ичип атабы, догдурга барабы, курсактагы баланын ден соолугуна да кам көрөбү, анын баарын текшергенге убактысы жок. Негизинен жубайлар, клиника жана карын эненин ортосунда ортомчу болобуз", - дейт агенттиктин жетекчиси Гвазава.

Суроо-талап өстү

Анын айтымында, агенттикттер издеген критерийлер бир караганда жөнөкөй. Жашы жеткен, бирок 38 жаштан ашпаган, буга чейин кеминде бирди төрөгөн аялдар болушу керек.

Тамар Гвазава акысыз карын энеликтин бир гана учурун көргөнүн айтат. Ал аял өз сиңдисине төрөп берген экен.

"Көпчүлүк карын энелер мындай кадамга эң оор социалдык шарттардан улам барышат. Негизинен бул аялдардын балдары бар, бирок үйү, кирешеси жок" - дейт Тбилисидеги агенттиктин жетекчиси Тамар Гвазава.

Ал ошондой эле олчойгон карыз же жоопкерчиликсиз күйөөлөр сыяктуу факторлор чечүүчү ролду ойношу мүмкүн экенин эскертип, талапкерлерди кылдат текшерерин белгилейт.

Анын тажрыйбасына таянсак, көпчүлүк карын энелер биринчи тажрыйбасынан кийин кайра келишим түзүүгө кайтып келишет. Аял төрөттөн кийин алты айда араң калыбына келет. Айрым агенттиктер карын энелерге суроо-талаптын жогору болгондугуна байланыштуу бул убакытка деле көңүл бурушпайт.

Тбилисинин метросунда агенттиктердин потенциалдуу карын энелерди издеп, аларга 20 миң доллардан 25 миң долларга чейин акча сунуштаган жарнамаларын байма-бай көрсө болот. Грузияда бул тармакта жергиликтүү жана эл аралык агенттиктер иштейт.

2020-жылдан тарта Грузиянын Юстиция министрлиги агенттиктин өкүлү менен карын энеден бул жараянды жакшыраак жөнгө салуу үчүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимге кол коюуну талап кыла баштаган.

Тбилисинин метросунда агенттиктердин потенциалдуу суррогат энелерди издеп, аларга 20 миң доллардан 25 миң долларга чейин акча сунуштаган жарнамаларын байма-бай көрсө болот.
Тбилисинин метросунда агенттиктердин потенциалдуу суррогат энелерди издеп, аларга 20 миң доллардан 25 миң долларга чейин акча сунуштаган жарнамаларын байма-бай көрсө болот.

Гвазаванын айтымында, Грузиядагы кардарлардын басымдуу бөлүгүн чет элдиктер түзөт. Бул өлкөгө болгон кызыгуу 2022-жылдын февраль айында Орусия мурда карын энелик үчүн популярдуу болгон Украинага басып киргенден бери кыйла өскөн.

"Биз кошуна өлкөлөрдөн карын энелерди алып келүү, уруктандыруу, андан соң аялдарды өз өлкөлөрүнө кайтаруу жана кош бойлуулуктун акыркы айларында аларды Грузияга алып келүү жолдорун издеп жатабыз", - дейт Гвазава.

"Башкаларды кубантып, үй-бүлөмө жардам бердим деп ойлойм"

"Азаттык" радиосунун грузин кызматына маек курган айрым карын энелер, боюнда барда өздөрүн ыңгайсыз сезип, кош бойлуулугун кошуналарынан же үй-бүлөсүнөн жашырган учурлар болгонун айтышкан.

Саломе 33 жашта, анын 11 жана 4 жаштагы эки уулу бар, эки айдан кийин башка бирөөлөрдүн баласын төрөйт.

20 жашында ал биринчи жолу 9 миң долларга грузиялык жубайларга карын эне болгон. Саломе күйөөсү экөө муну жашырышкан. Курсагы чыга баштаганда апасына "айылга барып жашайт элек" деп көчүп кетишкенин айтат.

"Бул тууралуу эч кимге билгизбеш үчүн болгон аракетимди жумшадым. Муну иш катары көрсөм деле өтө уялам" , - дейт Саломе.

Ал тапкан акчасына батир алууну көздөйт, бирок ошол эле учурда "бирөөгө балалуу болуу үмүтүн тартуулоо кубанычын эми түшүндүм", - дейт.

"Бул менин акыркы буюртмам. Башкаларды кубантып, үй-бүлөмө жардам бердим деп үмүттөнөм".

34 жаштагы Елена болсо күн сайын жаңы кош бойлуулугу тууралуу кабарды күтүүдө. Төрт баланын энеси чоң үй-бүлөнү багуу барган сайын кыйын болуп баратканына нааразы. Елена күйөөсү анын карын эне болууга бел байлаганын дагы деле билбейт.

"Азыр деле биздин коомдо "карын энелер баласын сатып атат" деген пикирлер бар. Мен жашаган аймакта бул темада сүйлөшүү өтө уят. Кош бойлуу болуп калсам, жолдошум мени түшүнөрүн билем. Кандай болгон күндө да ал мени түшүнүшү керек. Анткени мен бул кадамга баарыбыз үчүн барып атам".

XS
SM
MD
LG