Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Көптөн күткөн төрт эм


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-февралда 27 жаштагы Бишкектин тургуну Нурайым Рысмат кызы операция жолу менен төрт эм төрөдү. Ал Кыргызстанда төрт баланы бир учурда көтөрүп, төрөгөн экинчи эне болуп калды.

Дем алдыруучу, жасалма азыктандыруучу ар түрдүү жабдууларга туташтырылган үч кыз, бир уул ымыркайлар реанимация бөлүмүндө жатат. Бишкек шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Ибраимова балдардын абалы тууралуу буларды айтты:

- Мындай балдар энесинин курсагына окшош жылуу, караңгы жерде жатышы керек. Азыр акыбалы оор болуп жатканы - мына бул эркек бала. А бул жакта эки кыз жатат. Экөөнү бир кюветке салганбыз. Аркы бөлмөдө дагы бир кызы бар. Ал кичине тыңыраак. Азыр эми баарыбыз булардын тезирээк торолушун тилеп жатабыз. Жасалма дем алдыруучу, азыктандыруучу аспаптарга туташтырганбыз, - деди.

Төрт эмдин энеси Нурайым Рысмат кызы операциялык блоктон жаңы эле реанимация бөлүмүнө түшкөн. Ал биз барганда балдарын көрө элек экенин айтты:

Нурайым Рысмат кызы.
Нурайым Рысмат кызы.

- Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Бул жактан дарыгерлер жакшы карап жатат. Балдарымды азырынча көрө элекмин. Биринчи боюмда болгондо төрт эм болорун билген эмесмин. Дарыгерлер эгиз экенин гана айтышкан. Кийинчерээк текшерилсем «төрт эм» дешти. Адеп укканда корктум. Азыр аябай сүйүнүп жатабыз. Аттарын азырынча ойлоно элекпиз. Үйдөгүлөр тандап жатышат окшойт. Жакындарымдын баары аябай кубанып жатат. Себеби, төрт жыл бою балалуу боло албай жүргөн элек. Былтыр дарылана баштап, жайында боюмда болгонун билгем.

31 жумалык үч кыз үч кыздын тону бир, уулдуку өзүнчө. Ар биринин салмагы 1 килограмм 400 граммдын тегерегинде. Азырынча караңгы кюветте жатышат.

Балдарды күнү-түнү карап жаткан перинаталдык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Ибраимова алардын акыбалы тууралуу буларга токтолду:

Гүлнара Ибраимова.
Гүлнара Ибраимова.

- Булардын организми өтө тез өзгөрүлүп, ар түрдүү оор кырдаал жаралып калышы мүмкүн. Курсакта жатканда энесинин организминен азыктанып, буга кошумча бири-бири менен кан тамыры аркылуу да азыктанышат. Ушундан улам бирөөнүн кан тамыры башкасына салыштырмалуу начар өрчүгөн болушу мүмкүн. Эң негизгиси - төрөлгөндөн тарта биринчи күндөн үчүнчү жана бешинчи күндөрдү опурталдуу деп эсептейбиз. Азыр биздин бөлүмдөгү дарыгерлердин баары бул төрт эмдин саламаттыгы жакшы деп айтуудан айбыгып жатабыз. Себеби, ымыркайлардын акыбалы кескин өзгөрүп кетиши толук мүмкүн.

Үч-төрт эмдер көбөйдү

Кыргызстанда акыркы мезгилде үч эмдердин көп төрөлүшү байкалууда. Муну дарыгерлер аялдардын тукумсуздукка каршы дарыланышы жана жасалма уруктандыруу себеп болуп жатканы менен түшүндүрүшөт.

Мындан бир нече күн мурун эле дал ушул Бишкек шаардык перинаталдык борборунда үч эм алты айлык болуп төрөлүп, бирөө төрөттөн кийин чарчап калган. Мындан улам бул төрт эмди адистер болушунча жакшылап карап, бардык тийиштүү медициналык жардамды көрсөтүп жатканына күбө болдук.

Борбордун башкы дарыгери Бурул Алмазбекова Нурайымдын төрт эм төрөшүнө себеп болгон факторлорду санады:

- Табигый жол менен эле боюна бүткөн экен. Бирок Нурайым турмушка чыккандан кийин бир нече жыл боюнда болбой жүрүп, былтыр атайын дарылануудан өтүптүр. Менчик клиникалардын биринде жумуртка клеткаларын күчтөндүрүптүр. Азыр медицинада тукумсуздукту дарылаган ушундай ыкма жайылды. Аялдын жумурткаларынын өрчүшүн, кубаттанышын күчтөндүргөн атайын гормоналдык дарылар сайылат. Негизи бир айда бир аялдын жумуртка клеткасы эки же эң көп үч жолу өрчүп, уруктанууга даяр болот. Ал эми жасалма стимуляция жолу менен бир нече жумуртка клеткаларын чыгарышат. Бул төрт эм дал ушундай стимуляциялык дарылануудан кийин боюна бүтүптүр.

​Бирок адис мындай кош бойлуулук эне-баланын саламаттыгына кооптуу экенин эскертет. Дээрлик бардык учурда үч жана төрт эм түйүлдүктөрдү ай-күнүнө жеткизбей эле операция жолу менен төрөтүшөт. Себеби алардын кан айлануу системасында кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн.

Бурул Алмазбекова балдар чоңойгон сайын салмагы көбөйүп, аял аларды көтөрө албай кыйналып, ички органдарына күч келерин эске салды:

Бурул Алмазбекова.
Бурул Алмазбекова.

- Балдар эненин ичинде чоңоюп жаткан убакта кан жүгүртүүсү ар бирөөнө ар башка деңгээлде болушу мүмкүн. Маселен, бир балага жетиштүү азыктануу болсо, башкасы азыктана албай, өрчүбөй калган учурлар болот. Көп түйүлдүктүү кош бойлуу энелердин дээрлик баарында кан басымы жогорулап, бөйрөгү жабыркайт. Нурайым анын үстүнө «кеч талгак» же медициналык тил менен айтканда «преэклампсия» деген синдром менен жабыркаган. Кан басымы такыр түшпөй, белок жогору болуп туруп алды. Ушундан улам төрт эмди 31 жумалык кылып, операция жолу менен алып чыктык. Мындан үч-төрт күн мурда эле биздин ооруканада жасалма уруктандыруу жолу менен боюнда болгон аял алты айлык үч эм төрөдү. Алардын салмагы бир килограммга жетпейт экен. Тилекке каршы, эгиздердин бирөө чарчап калды. Азыр мындай кош бойлуулар көбөйүп жатат. Буга ар түрдүү гормоналдык дарылануу жана жасалма уруктандыруу себеп болууда.

Дарыгерлер «Нурайым менен төрт ымыракайдын ден соолугу оңолсо, кеминде эки аптадан кийин үйүнө чыгарабыз» деп турушат.

Кийинки убакта аялдар тукумсуздукка каршы гормоналдык дарыланууга көп кайрылып жаткандыктан үч жана төрт эмдер көбөйүүдө.

Буга чейин 2015-жылы Кыргызстанда төрт эм төрөлгөн бир учур катталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG