Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Бала сатуу бизнеси тыйыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бала сатуу фактысы боюнча төрөт үйлөрүнүн биринин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Кармалган эки адамдын бири камакка алынды. Бул жыл башынан бери бала сатууга байланыштуу катталган бешинчи факты болуп калды. Бирок адистер мындай көрүнүш мындан да көп болушу мүмкүндүгүн эскертип, алдын алуу чараларын күчөтүүнү эскертип келишет.

Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалганы тууралуу маалымат 7-сентябрда ачыкка чыкты. Анда эки адам колго түшкөнү, алардын бири камакка алынганы айтылган. Кийин беш адам кармалып, анын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды. Андан бери Ички иштер министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгына байлап, маалымат бөлүшүүдөн карманып келди.

Эми деле министрлик факт боюнча кылмыш иши козголгонун гана ырастап, факт кайсы төрөтканада катталганын, кармалгандар кимдер экенин так айткан жок. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова тергөө аяктаган соң гана толук маалымат берилерин билдирди:

- Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") менен кылмыш иши козголду. Анын алкагында бала сатууга шектелип адамдар кармалган. Учурда иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатат. Калган маалыматтарды ошол иштин башка чаралары көрүлгөндөн кийин, тактоо иштери жүргөн соң беребиз. Канча киши кармалды, алар ким болуп иштечү, баарын тактап айтабыз.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, дарыгерлер баланын ата-энесине балаңар чарчап калды деп айтышкан. Айрым маалымат каражаттары ал тургай кармалган учурда медиктердин автоунаасынан балдардын жансыз денелери табылганын жазды.

Алгач, окуя тууралуу кабар тарагандан кийин Саламаттык сактоо министрлиги аларга тергөөчүлөр маалымат бере электигин айтып жатышкан. 10-сентябрда гана алар билдирүү алышканын, өз алдынча иликтөө башташканын жарыялашты. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева “Азаттыкка" буларды билдирди:

- Бишкектеги бала сатуу фактысы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча жумушчу топ түзүп, иликтөө иштерин баштады. Азыр укук коргоо органдары иштеп, тергөө жүрүп жатат. Окуяга кайсы бейтапкана, кайсы дарыгердин катышканы ошол иштер бүткөндөн кийин ачыкка чыгат. Атайын жумушчу топ соңку фактыдан кийин мамлекеттик жана менчик төрөткана, клиникалардын баарын текшерип чыгат.

Ошентип бул жыл башынан бери бала сатууга байланыштуу катталган бешинчи факты болуп калды. Кулчулуктун алдын алууга арналган Бишкектеги жыйында Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын өкүлү Марлис Жумабаев 2018-жылдын башынан бери төрт бала сатуу аныкталганын билдирген. Анын экөө Бишкек шаарында, бирөө Ош облусунда жана дагы бири Кадамжай районунда болгон. Бардык факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева бул фактылар боюнча кабары бар экенин кошумчалады:

- Бишкек шаарынын Октябрь районунда болгон эки факты боюнча кабарыбыз бар, ал биздин көзөмөлүбүздө турат. Тергөөгө кол кабыш кылып жатабыз. Мындан сырткары Ош облусундагы жана Кадамжай районунда болгон бала сатуу жөнүндө да маалыматыбыз бар. Бирок бизге маалыматтар келе элек. Эгер ал тергөөдө аныкталып, далилденсе бул боюнча тиешелүү чараларды көрөбүз. Мындай көрүнүштөргө каршы коомчулук да, баары чогулуп күрөшүүбүз керек. Өлкөдө 1060 гинеколог-акушер бар, алардын ар бирин эмне кылып жатканын карап тура албай калат экенбиз. Эгер ошону көрүп калгандар, билип калгандар болсо бизге айтып турса жакшы болоор эле. 2014-2015-жылы болгон чуулуу фактылар эсибизде бар, бул жаатта бардык медициналык мекемелердин жетекчилери дыкат иштешет. Эгер мындай учурлар аныкталса кескин чара көрөбүз.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Ага карабай ымыркайларды сатуу фактылары катталгандан кийин эмес, ага чейин алдын алуу керек деп эскерткендер бар. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева буга шарт түзгөн жагдайларды кыскартыш керек дейт:

- Биз эс алуу учурунда аймактарда эл менен жолугушуу өткөргөнүбүздө эл балдардын өлүмү, энелердин өлүмү боюнча көп даттанышты. Ошол эле учурда бала сатуу коркунучтары бар экенин да айткандар болду. Алар "энеси таштап кеткен балдарды төрөтканада иштегендер сатып жиберишет экен" дешти. Менимче бала саткан фактылар расмий айтылган беш-алтыдан бир топ эле көп болушу мүмкүн. Анткени баары катталбай, ачыкка чыкпай калып жатат. Бул маселе социалдык маселелер менен да байланышуу, дарыгерлер маянасынын аздыгынан, жетишсиздиктен ушундай нерсеге барышы ыктымал. Ошентсе да бул кылмыш актоого жатпайт, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек. Ал эми мамлекет бул жаатта профилактикалык чараларды күчөтүп, дарыгерлерди камсыздоо шарттарын жакшыртууну жандандырышы керек. Сооронбай Шарипович президент болуп жатканда да ушул маселелерди койгон болчу. Депутаттар, өкмөт баарыбыз бул маселеге көңүл буруп, чогуу-чаран чечүүгө көмөк кылып, комплекстүү чечишибиз зарыл.

Кыргызстанда дарыгерлердин жана ата-энелердин өздөрү балдарын бейтааныш адамга сатып жиберген окуялары соңку төрт жылдан бери ачыкка чыга баштаган. Алардын кээлеринде дарыгерлер катышканы айтылса, айрымдарында энелери өздөрү ымыркайларын соодалаганы кабарланган. Укук коргоочулардын айтуусунда, Кыргызстанда баланы мыйзам жолу менен асырап алуу жол-жоболору татаал болгондуктан ушундай фактылар көп катталат.

Адам сатууга каршы күрөшүү тармагында иликтөө иштерин жасап келген укук коргоочу Авазхан Ормонованы угалы:

- Бала сатуу сөз жок кылмыш, бул - адам сатуу. Бирок эгер себептерин карап көрсөк бир нече факторлор бар. Маселен, жарандык никеде турган, зордук-зомбулукка кабылган же пландабай туруп төрөп алган кыз-келиндер баласын жашыруу үчүн бирөөлөргө сатууга аракет кылышат. Кээде эне бирөөгө “карын эне” катары макулдашып, анан баласын бериши ыктымал. Адатта балдарды таштап кеткендер болсо, багып алат элем дегендер төрөтканада кезекте турушат. Анан баланы ошолорго беришет же сатышат. Ошондой учурларда баланы сатып алгандарга бала жакпай калса же келишими аягына чейин чыкпай калса, берген акчасын факт катары келтирип дарыгерлердин үстүнөн арыз жазып коюшу да мүмкүн. Мындай нерселер бирин-серин, балким болушу мүмкүн деп белгилеп жатам. Баланы асырап алуу татаалдыгынан улам айрымдар ушундай ишке барган учурлары катталат. Бирок төрөтканада учурда мындай мыйзамсыз иш-чараларды алдын алчу системалар иштеп жатканын билем. Ага карабай болуп жатканы албетте өкүндүрөт, мындан ары кайталанбашы үчүн мыйзамдык базаларды жакшыртуу кажет. Жазаны да катаалдатуу керек.

2014-жылы Бишкектеги №1 төрөтканадан жаңы төрөлгөн ымыркай сатылды деген маалымат чыгып, кылмышка шектүү делген врач-гинеколог камакка алынган. 2015-жылы ушул эле мекемеде жарыкка келген ымыркайды атасы акушерлер алмаштырып койду деп Саламаттык сактоо министрлигине кайрылгандан кийин медициналык комиссия түзүлгөн болчу.

Үрөй учурган сандар

2015-жылы Кочкор районунун 26 жаштагы тургуну беш айлык кызын бир койго соодалап жаткан жеринен кармалса, ошол жылы Таласта ажырашкан үй-бүлөнүн атасы эки жашар баласын Нарынга сатып жибергени тууралуу кабар тараган. Ысык-Көл облусунда дагы бир эне 3,5 жаштагы баласын караколдук үй-бүлөгө 25 миң сомго сатып жибергени маалым болгон.

Андан көп өтпөй Орусияга иштегени кетип, уулун күйөөсүнө калтырган токтогулдук мигрант келин Акыйкатчы институтунан жардам сурап кайрылган. Келиндин айтышынча, күйөөсү эки жашар уулун бир аялга сатып жиберген. Баланы асырап алган аял ал үчүн көп акча төлөгөнүн, андыктан кайра кайтарып бербесин айткан.

2015-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келген ымыркайдын 50 миң сомго сатылышы боюнча иш тергелип бүтүп, сотко өткөнү айтылган. Бул жылы ошондой эле Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө төрт айлык ымыркайды 20 миң сомго сатып жаткан жеринен Өзгөн районунун тургуну, 46 жаштагы аял кармалган. Ага адам аткезчилиги боюнча берененин негизинде кылмыш иши козголгон.

2016-жылы да өлкөдө ачыкка чыккан беш бала сатуу фактысы катталган. Январь айында Кара-Суу районунун тургуну никесиз төрөгөн перзентин туугандарынан жашыруу үчүн 15 миң сомго сатып жибергени аныкталган. Февралда Бишкек шаарындагы 26 жаштагы келин жаңы төрөлгөн кызын 20 миң сомго белгисиз бирөөлөргө сатып жиберсе, кийинчерээк өзгөндүк 46 жаштагы аял төрт айлык баланы 20 миң сомго соодалаган жеринен колго түшкөн.

Жакында эле Сокулук районунда үч баласын бейтааныш адамдарга 80 миң сомго сатып жиберген келин да кармалган. Мындан сырткары бул жылы Чүй облусунун Панфилов районунун төрөт үйүндө 40 жаштагы аял көз жарып, ооруканадан чыккандан кийин ымыркайын Чүй облусунун тургунуна 20 миң сомго сатып жибергени аныкталган.

2017-жылы Бишкек шаарында үч айлык баланы 10 миң сомго сатуу учурунда үч аял кармалган.

Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөөлөр жүрүп жатканы айтылганы менен айыптуулар жазасын алган-албаганы белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG