Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Мигрант келин баласын кайтарып алды


Рохила кызы Ульяна менен.
Рохила кызы Ульяна менен.

Москвада көз жарган мигрант келин баласын бир жыл дегенде сот аркылуу кайтарып алды. Эне-бала төрөт үйүндө эле ажыратылган.

Он ай мурда орус башкалаасында көз жарган Рохила Бобонова эми гана ымыркайын бооруна кысып, жытын искеп, энелик бакытка балкып турган кези.

Мигрант келин тогуз ай көтөрүп төрөгөн чүрпөсүн колуна алыш үчүн октябрдан бери Москвадагы соттордун каалгасын каккылап келген. Эненин мындай азабына ооруканадагы катачылык себеп болгон.

- Тез жардам менен ооруканага барып төрөгөм. Кийинки күнү менде "кургак учук бар" деп, баладан бөлүп дарылоого жөнөтүшкөн. Чындыгында оору табылган жок. Кандайдыр бир так бар экен. Эки ай дарыланып чыгып, балама барсам, аны башка жакка которуп, атын өзгөртүп салышыптыр. Ошондон бери балдар үйүндөгү кызыма кире албай, колума ала албай, сегиз жарым ай сотторго чуркап жүрдүм.

19-октябрда Москвадагы №24 ооруканада төрөлгөн Рохиланын кызы кийин №6 балдар ооруканасына которулган. Ал жакта кандай себептен эненин баладан баш тартышы боюнча акт түзүлүп, туулгандыгы тууралуу күбөлүктө чоочун ысым жазылып калганы эмдигиче бүдөмүк.

​Рохила өзү төрөткө жеке документтери менен барганын, баласынан баш тартпаганын айтат.

Рохила күйөөсү менен.
Рохила күйөөсү менен.

Чет жерде зарлаган эне алгач «Азаттык» үналгысына апрелдин башында жардам сурап кайрылган болчу. "Ульяна Уточкина" деп катталып калган кызына сотто энелик укугун аныктоого юридикалык жардам керек эле.

- Кыргызстандан «жинди эмес, баңги эмес» деген документтерди алдым, паспортумду, ооруканада кыз төрөгөнүмдү тастыктаган расмий катты - эмне сурашса ошол документтердин баарын алып бардым. Головинский, Перовский, Савелевский райондук сотторуна кайрылдым. Документтеримди карабай, улам бир жакка жөнөтүштү. Бирок мен отуруп калганым жок.

Макала жарык көргөн соң бул окуя Москвадагы кыргыз элчилигинин көзөмөлүнө алынып, кыргызстандык жаранга укуктук колдоо көрсөтүлгөн.

Юрист Мырзапаяс Карагулов.
Юрист Мырзапаяс Карагулов.

Элчилик 31-июлда Москванын райондук соту Рохила Бобонованын доосун карап, баласын кайтарып берүүнү чечкенин кабарлаган.

- Консулдуктагы юрист Мырзапаяс байкеге ыраазымын. Чогуу жүрдү, жардамы болду. Аларды деле түшүнүш керек, менден башка дагы канча иши бар, - дейт Рохила.

Дээрлик бир жыл дегенде кызын колуна алып, балдар үйүнөн чыгарып кетүүгө ашыгып турган эне эми өткөн кыйынчылыктарды унуткарып, эне жүрөгүндө бир гана мээрим менен кечиримдүүлүк уялагандай.

- Менин эч кимге доом жок. Документтерди толтурууда катачылык кеткен. Алар өздөрүнүн күнөөсүн моюнга алышты. Өздөрү деле сабак алып, эми мындай кылышпастыр. Ушунча убакта кызымды жакшы багып, карап бергени үчүн ыраазымын. Кечирим сурабай эле коюшсун. Анын мага кереги жок. Азыр расмий кагаздар бүткөнүнчө кызым дагы эле балдар үйүндө. Күндө барып, жолугуп турам. Барган сайын күтүп алат. Ульяна деген атка көнүп калыптыр. Ден соолугу жакшы. Үйүмө чыгарып алып кетсем болду. Эки агасы, жолдошум да күтүп жатышат.

Бобонованын айтымында, ал жакын арада кызын үйүнө алып кетет. Соттун чечими боюнча тиешелүү кызматтар баланын жашоочу шарттарын текшерип, расмий кагаздарды тууралаштыруу зарыл.

Үч жыл мурун Москвада медициналык борборлордо эгиз балалуу болору аныкталып, кийин төрөтканада бир баласын таппай калган Динара Ажиеванын окуясы акыры аныкталбай калган.

Ошондой эле Орусияда мигрант келиндер чоочун документтер менен төрөп, кийин баласына укугун сот аркылуу аныктаган учурлар кездешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG