Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Мигрант келин кызын көрүүгө зар болду


Рохила Бобонова жолдошу менен.
Рохила Бобонова жолдошу менен.

Алты ай мурун Москвада кыз төрөгөн мигрант келин эмгиче баласын колуна ала элек.

36 жаштагы кыргызстандык Рохила Бобонова былтыр октябрда Москвада көз жарган. 19-октябрда батирине "Тез жардам" чакырып, №24 шаардык ооруканада кыз төрөгөн.

- "Тез жардам" менен барып, "кесарево" менен төрөгөм. Кан алып, анализ кылып, "өпкөң таза эмес экен, балаң менен мамиле кылууга болбойт, сен дарыланасың, анан балаңды аласың" деп түшүндүрүшкөн. Ошондо бир кагаздарга кол койдурушкан. Дарыгерлердин деле атын билбейм. Мындай болуп кетет деп ойлогон эмесмин.

Дарыгерлер келинде "кургак учук болушу мүмкүн" деп шек санап, эне-баланы ажыратып, экөөнү эки жакка бөлүп коюшкан. Ушу тапта дарыланып чыккан Рохила ымыркайын кайтарып ала албай жүрөт.

- Мени кургак учукту дарылаган ооруканада рентгенге салышкан. Бул кургак учук эмес, бирок "өпкөңдө так бар экен, анык аныктап дарылаш керек" деп эки ай кармашты. Өпкөгө берген дарыдан боорума күч келди. Аны дарылайбыз деп жатып бөйрөктөрүм жабыркады. Кийин экинчи жолу анализ тапшырып, рентгенден өткөндө таза чыктым. Анан ал документти алып, кызыма келсем, башка жакка которуп жиберишиптир. Анысы аз келгенсип, кызымдын аты-жөнүн Ульяна Алексеевна Уточкина деп жазып коюшкан экен.

Төрөтканада тартылган сүрөт.
Төрөтканада тартылган сүрөт.

Рохилланын кызы балдар үйүндө чоочун ысым менен катталып калган. Эми ал баласына мыйзамдуу укуктарын сот аркылуу гана аныктаса болот. Төрт айдан бери мигрант келин улам бир райондук соттун каалгасын каккылап жүргөнүн айтты.

- Мен ооруканага барганда жанымда өзүмдүн паспортум, миграциялык каттоом бар болчу. Эми кызымдын ал-акыбалын суроого да акым жок. "Сот аркылуу аласың" дешет. Кыргызстандан «жинди эмес, баңги эмес» деген документтерди алдым, паспортумду, былтыр 19-октябрда №24 ооруканада кыз төрөгөнүмдү тастыктаган расмий катты - эмне сурашса ошол документти алып барып жатам. Головинский, Перовский, Савелевский райондук сотторуна бардым. Документтеримди карабай, улам бир жакка жөнөтүп жатышат. Эми кайра ишимди Головинский райондук прокуратурасына жөнөтүшүптүр. Эч кандай жыйынтык болбой жатат.

Укук коргоочу Валентина Чупик мигрант аял төрөтканага өз документтери менен барып төрөсө, анын баласын башка ысым менен каттап коюу мыйзамга туура келбей тургандыгын белгиледи:​

- Мигрант аялдар, өзгөчө кыргызстандыктар, төрөтканага акча төлөбөш үчүн же миграциялык документтери жок болсо, төрөтканага тааныштарынын же туугандарынын орус паспорту менен барып төрөгөндү адат кылып алышты. Баладан баш тартып, алдын ала "бирөөгө берем" дегенде да багып алуучу адамдын паспорту менен барышат. Эгерде "бирөөгө берем" деп атайын чоочун паспорт менен төрөгөн болсо, анда баласын ала албайт. Ал эми келин баласынан баш тартпаган болсо, эне-баланы ажыратууга, анан баланы башка ысым менен каттоого мыйзамда жол жок.

Рохила Бобонова болсо баладан баш тартпаганын айтууда.

- Жолдошум бар, эки уулубуз бар. Он бир жыл төрөбөй жүрүп, кыздуу болгом. Мен андан баш тарткан эмесмин. Менин жанымда өзүмдүн документтерим болгон. Эмне себептен мындай кылышты, түшүнбөйм.

Ооруканадан расмий кат.
Ооруканадан расмий кат.

№24 шаардык оорукананын жетекчилиги менен байланышканыбызда, алар адамдардын жеке маалыматынын купуялуулугун жүйө кылып, маалымат берүүдөн баш тартышты.

Рохила Бобонова укуктук жардам сурап, Москвадагы кыргыз элчилигине арыз менен кайрылган. Элчиликтегилер бул иш көзөмөлгө алынганын, азыркы кезде сот иши башталганы жатканын билдиришти.

Орусияда 620 миңден ашуун Кыргызстандын жараны эмгектенип жүрөт. Алардын дээрлик жарымын аялдар түзөт. Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында Орусияда кыргызстандык мигранттарга мамлекеттик ооруканаларда акысыз дарыланыш үчүн милдеттүү медициналык камсыздоого кепилдик берилген. Бирок мындай милдеттүү медициналык камсыздоо күбөлүгүн Орусияда эмгек келишиминин негизинде иштеген жарандар гана алышат.

Кош бойлуу мигрант аялдардын көбү бул милдеттүү медициналык камсыздамага ээ эмес. Ошол себептүү алдын ала ооруканага каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүнө турбастан, убакты-сааты жеткенде гана төрөтканага "Тез жардам" менен барып көз жаргандар арбын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG