Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:24

Бала асырап алууда түйшүк азайбады


Кыргызстанда үч айда 176 бала жергиликтүү жарандарга асыроого берилген. Мындан сырткары чет өлкөлүктөр сегиз кыргызстандык баланы багып алган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Адилет Кудайбердиева “Азаттыкка” маек куруп, бала багып алуунун жол-жоболору тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда бала багып алуу үчүн 213 адам кезекте турат.

“Азаттык”: Орусияда ата-энеси таштап кетип, кийин Кыргызстанга алып келинген балдар тууралуу макала жазгандан кийин бала асырап алуу боюнча кененирээк маалымат алып берүүнү өтүнүп "Азаттыкка" кайрылган окурмандар көбөйдү. Негизи эле бала багып алам деген жарандар ишти эмнеден башташ керек?

Адилет Кудайбердиева: Бизде өкмөттүн токтому менен бекитилген жобо бар. Ага ылайык Кыргызстандын жарандары бала асырап алуу үчүн жашаган жери боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуусу керек. Ал жерден баланы багып алуу мүмкүн экендиги тууралуу корутундуну алат.

Бул үчүн жоободо бекитилген документтерди даярдап бериши керек. Ага бала багып алуучунун арызы, паспортунун көчүрмөсү, эгер жубайлар бала багып алабыз десе, анда нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана жашаган жери, үй-бүлө курамы тууралуу маалымат кат керек. Мындан сырткары арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин тастыктаган жана турак жайга менчик укугун ырастаган документтер же жашаган жеринин үй китебинин көчүрмөсү зарыл.

“Азаттык”: Демек бала багып алам деген жарандын туруктуу жашаган жери болушу шартпы?

Адилет Кудайбердиева: Туруктуу жашаган жери деп жазылган эмес. Бирок ошол үйдо жашап жатканын ырастаган маалым кат же турак жайды ижарага алып жатканы тууралуу келишимди алып келип беришет. Мындан сырткары соттолбогону тууралуу ички иштер органдарынан жана ден соолугу тууралуу маалым кат керек. Буларга баңгилик, алкоголдук көз карандуулук жана психикалык абалы тууралуу медициналык корутунду кирет. Ошондой эле жашаган жана иштеген жеринен мүнөздөмө талап кылынат.

Бул документтер тапшырылган күндөн тартып бир жылга чейин жарактуу болуп эсептелет. Андан соң тиешелүү адис арыз ээсинин жашаган жерине барып жашоо-тиричилигин текшерет. Ошого жараша акты түзүлөт жана 14 жумушчу күндүн ичинде уруксат берилеби, жокпу аныкталып, корутунду даярдалат.

“Азаттык”: Бала асырап алууну каалагандардын кезеги көп экени айтылууда. Учурда алардын саны канча?

Адилет Кудайбердиева: Бул процедура дагы өкмөттүн токтому менен жөнгө салынат. Ата-энелердин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жобо бекитилген. Ага ылайык, асырап алууну каалаган жарандар корутундуну алгандан кийин мамлекеттик банктын базасына киргизилип, реестрге катталат. Бул база ар бир райондо иштейт. Азыр анда бала асырап алууну каалаган 213 жарандын тизмеси бар. Бул көрсөткүч туруктуу эмес, көбөйүп, азайып турат. Жарандар өз каалоосу менен балдар мекемелерине кайрылса болот, бирок жеке өзү балдарды көргөнгө бара албайт, укугу жок.

“Азаттык”: Сиз бала багып алат элем дегендердин санын айтып жатасыз. Ал эми асырандыга бериле турган балдардын базасы барбы?

Адилет Кудайбердиева: Базада бар. Бирок балдар тууралуу маалымат жана асырап алуучунун аттары айтылбайт. Бул купуя маалымат болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө 231 бала кароосуз калгандар. Бул дагы көбөйүп, азайып турат. Маалымат банкындагылардын 95% ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же патологиясы бар, ата-энеси баш тарткан балдар.

“Азаттык”: Кыргызстандыктар арасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды асырып алгандар барбы? Көбүнчө эле чет өлкөлүктөр алып кеткенин угабыз.

Адилет Кудайбердиева: Биздин жарандар көбүнчө беш жашка чейинки балдары алууну каалашат. Көп учурда медициналык жактан коррекция жасоого мүмкүн болсо, биздин жарандар деле ушундай балдарды алышууда. Тилекке каршы маалыматтык базада ата-энеси баш тарткан, ден соолугу оор абалда калган балдар.

АКШдан ата-эне тапкан кыргызстандык балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

“Азаттык”: Орусиядан ата-энеси таштап кеткен, бирок ден соолугу жайында болгон балдар алып келинген эле. Алар балдар үйлөрүнө жайгаштырылганы айтылган. Ата-эне мээримин көрбөй чоңойгондон көрө ошолорду багып алат элек дегендер да жок эмес.

Адилет Кудайбердиева: Орусиядан алып келинген балдардын Кыргызстандын аймагында туугандары изделип, биологиялык ата-энелери менен бириктирүү иштери жүрөт. Эгер туугандары табылбаса анда жалпы маалыматтык базага түшөт.

“Азаттык”: Бир жылда канча бала асырандыга берилет?

Адилет Кудайбердиева: Кыргызстанда үч айда 176 бала кыргызстандыктарга асыроого берилген. Бул сөзсүз эле базада турган балдар эмес. Сот асыроо маселесин караган учурда сөзсүз түрдө райондордун катышуусу менен чечим чыгарышат. Мындан сырткары чет өлкөлүктөр сегиз кыргызстандык баланы багып алган.

“Азаттык”: Бала багып алууну каалаган жарандар көп, бирок бюрократиялык процедуралар көп болгондуктан сатып алууга да барышат деп айтышат. Жол-жобосун желдетүү жагы каралабы?

Адилет Кудайбердиева: Негизинен жободо тизмеси кыскартылган. Кыргызстанда эң эле жөнөкөй. Асырап алгандан кийин жобого ылайык социалдык кызматкерлер үч жылга чейин карап, көз салып турушат. Бир жылда эки жолу барышат.

Бирөөгө кор, бирөөгө зар бала...
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG