Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Электр чыгырыгын айдагандар боюнча мыйзам даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда көчөгө электр чыгырыгын (электросамокат) айдап чыккандардын жоопкерчилиги карала турган мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн 19-июнда Бишкекте өткөн брифингде Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.

Жол кыймылынын катышуучулары арасында жөө жүргүнчүнүн укугу биринчи орунда турарын белгилеген депутат “Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга чыгырыктын өзү жана аны кайсы жерде, кандай талаптардын негизинде тепсе болору тууралуу түшүнүктөр, ал эми “Укук бузуулар жөнүндө” мыйзамга жоопкерчилик боюнча нормалар кирип жатканын айтты.

Депутат мыйзам долбоорунун максаты чыгырык тепкендердин баарын чектөө эмес, уруксат берилбеген жерден жана эрежени сактабай айдагандарга балким 500-1000 сом өлчөмүндө айыппул салуу каралып жатканын, ал эми жол кырсыгына, бирөөнүн өлүмүнө себепкер болгондордун иши өзүнчө кылмыш жоопкерчилиги катары караларын кошумчалады.

Маматалиев чыгырыктын ылдамдыгын чектөө болбой турганын, себеби аны аныктоо мүмкүн эмес экенин, атайын каттоо күбөлүгү деле талап кылынбай турганын, бирок айдаган адамдын да, чыгырыкты ижарага берген тараптын да жоопкерчилиги караларын айтты:

“Ээси өзүбү же мобилдик тиркеме аркылуубу, чыгырыкты алып жаткан адамды кыскача инструкция менен сөзсүз тааныштырышы керек болот. “Окуп чыктым, макулмун” дегенде ага да, демек, экөөнө тең жоопкерчилик жүктөлүп калат. Парктар боюнча айтсак, велосипед үчүн ачылган атайын тилкеден гана жүрө алышат. Адамдар жөө жүргөн жакта жүрүүгө тыюу салынат. Көчөдөн да атайын тилкеде жүрө алышат, эгер андай тилке жок болсо, анда жолдун каалаган жеринен эмес, четинен гана жүрүшү зарыл. Түнкүсүн жарык берүүчү чырак же жарык чагылдыруучу атайын белги чапталган болушу керек”.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу электр чыгырыгы менен жүргөндөр кабылган түрдүү окуялар катталып жатканын айтып, ошого байланыштуу жол кыймылынын эрежелерине жаңы сунуштар иштелип чыкканын билдирди.

Анын айтымында, чыгырыктарды көпүрөгө, туннел ичине, темир жол өткөөлүнө, жөө өтмөккө жана алардан беш метр аралыкта койгонго болбойт, аялдамаларга жана алардын айланасындагы 15 метрлик аралыкка да коюуга болбойт деп сунушталууда. Чыгырыкты атайын бөлүнгөн веложолдон, ал болбосо жолдун оң жак четинен айдоо, жөө жүргүнчү чыкса ал өтүп кеткенче токтоп туруу керектигин айткан Байказы Айтикул уулу спирт ичимдигин ичкен, маңзат колдонгон, кан басымы нормада эмес болгон абалда айдоого тыюу салынарын, түнкүсүн жарык берүүчү каражат колдонуп айдоо керектигин кошумчалады.

Соңку 1-2 жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйүүдө. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонуна жүктөлгөн атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү тротуарларда велосипед айдагандар үчүн атайын тилкелер бар.

Шаардыктар көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн жөө жүргүнчүлөрдү же бирин бири сүзүп, түрдүү окуялар катталып жатканын социалдык түйүндөр аркылуу билдирип, нааразылыгын айткан учурлар бар. (RK)

XS
SM
MD
LG