Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Инсулин тартыштыгы жок экени, бирок кыйынчылыктар болуп жатканы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кант диабетине чалдыккан бейтаптарды инсулин менен камсыздоодо кыйынчылык болууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинде маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди. Бирок инсулин тартыштыгы бүгүнкү күндө жок деди ал.

““Кант диабети жөнүндө” мыйзамга ылайык, инсулиндин 6 айлык запасы камсыз болуп турушу керек. Азыр каржылык кыйынчылыктарга байланыштуу бул пункт толук аткарылбай турат. Бирок азыр инсулин маселеси бир аз болсо да чечилген. Азыр тартыштык жок”.

Садыков айрым позициялар боюнча кеминде алты айга запас бар экенин, канттын деңгээлин өз алдынча өлчөө каражаттары чоңдорго бир жылга 500 тест, балдарга 2000ге чейин тест өлчөмүндө каралганын, препараттарды арзан баада сатып алуу боюнча “Кыргызфармацияга” маалымат жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Депутат Жылдыз Садырбаева бул багыттагы ишти сынга алып “Алар бүгүнкү күнгө чейин бир да инсулин сатып алышкан жок. Планында да жок. 300 миңге инсулинди толук көлөмдө сатып алуу мүмкүн эмес”, - деген оюн айтты.

Кыргызстанда кант диабетине чалдыгып, атайын каттоого турган бейтаптарга инсулинди мамлекет сатып берип, бекер таратат. Анын жетишсиздиги улам көйгөйгө айланып турат. Маселе Жогорку Кеңешке чейин жеткен учурлар да болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кант диабети менен адам 60 миңдей адам расмий каттоодо турат. Чынында алар мындан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал. Кант диабетинин биринчи тибине чалдыккан эки миңден ашык бала бар.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” ишканасы быйыл март айында түзүлгөн. Өткөн аптада президент Садыр Жапаров ага бюджеттен пландалган 1 миллиард сом бөлүнбөгөнүнө нааразы болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG