Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Сокулуктагы өрт өчүрүлө баштады, төрт киши ооруканага түштү


Мунай кампасындагы өрт. Шопоков шаары, Чүй. 20-июнь, 2023-жыл.
Мунай кампасындагы өрт. Шопоков шаары, Чүй. 20-июнь, 2023-жыл.

Сокулуктагы темир жол бекетинин аймагында жайгашкан мунай кампасында чыккан өрттөн баштапкы маалыматтар боюнча төрт адам жабыркады. Алар түрдүү даражадагы күйүк алып, "Тез жардам" менен Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Бири оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Экөөнүн абалы орто, бирөө канааттандырарлык абалда травматологиялык бөлүмгө жайгаштырылды.

ӨКМ мунай кампасындагы өрт саат 18:06да өчүрүлө баштаганын кабарлады.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытовага шилтеме берип билдирди.

Бишкектен санавиация аркылуу комбустиолог менен чогуу бригада кошумча жиберилди. Өрт чыккан жерде учурда үч "Тез жардам" бригадасы иштеп жатат.

Мунай кампасынан өрт чыкканы тууралуу маалымат Өрт кызматына 20-июнда саат 16дан өткөндө түшкөн.

Аны өчүрүүгө Чүйдүн Сокулук жана Москва райондорунун өрт өчүрүүчү үч экипажы, Бишкектин Ленин районунан 1 экипаж кошумча тартылган.

Соцтармактарга тараган тасмалардан темир жол бекетинин аймагындагы мунай сакталган цистерналар, аларга жакын токтотулган унаалар күйүп жатканын көрүүгө болот.

Соцтармактардын колдонуучулары өрт чыккан жерге жакын жашаган элди эвакуациялоо башталганын жазып жатышат. Маалыматтарды расмий тактоого азырынча мүмкүн боло элек.

Өрттүн себеби жана келтирилген чыгым азырынча белгисиз. (ZKo)

XS
SM
MD
LG