Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Шойгу Киевди чечим кабыл алуу борборлоруна сокку урабыз деп коркутту


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун президент Владимир Путин менен Алжирдин президентинин Кремлдеги жолугушуусу учурунда тартылган сүрөтү. 15-июнь, 2023-жыл. Москва
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун президент Владимир Путин менен Алжирдин президентинин Кремлдеги жолугушуусу учурунда тартылган сүрөтү. 15-июнь, 2023-жыл. Москва

Орус бийлиги дагы бир ирет Украинадагы «чечим кабыл алуучу борборлорду» талкалоо тууралуу эскертти. Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу министрликтин жыйынында «кызыл чектер» тууралуу айтты. Анын сөзүнө караганда, «кызыл чек» бул Украинанын аннексияланган Крымга жана Орусиянын аймагына урулган ракеталары.

Шойгунун айтымында, украин куралдуу күчтөрү HIMARS жана Storm Shadow ракеталары менен Орусиянын аймагына жана аннексияланган Крымга сокку урууну көздөп жатат.

«Бул ракеталарды атайын аскердик операциянын аймагынан тышкары колдонуу АКШ менен Британияны жаңжалга тартуу дегенди билдирет. Анын артынан жооп катары Украинадагы чечим кабыл алуучу жайларга сокку урулат», - деди ал.

"Атайын аскердик операциянын аймагы" деген эмнени түшдүрөрүн Шойгу тактаган жок.

Соңку жумаларда украин аскерлери орус күчтөрү басып алган Мариуполь, Бердянск, Луганск жана башка аймактарга Storm Shadow ракеталары менен сокку урган.

Украинага курал-жабдыктан каралашып жаткан Батыш мамлекеттери Орусиянын аймагына сокку урулушун каалашпастыгын, ошол эле учурда Крым эл аралык укукка ылайык Украинанын аймагы экенин белгилеп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG