Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:08

Казакстандын мурдагы маданият министри сегиз жылга кесилди


Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы сотто өкүмдү күтүп отурат. Астана. 20-июнь, 2023-жыл.
Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы сотто өкүмдү күтүп отурат. Астана. 20-июнь, 2023-жыл.

Казакстандын мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы "бюджеттик каражатты кымырып алган" деген кине менен сегиз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти сот залынан кабарлады.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мухамедиулы Астанадагы Улуттук музейди жетектеп турган маалда "Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы" деп аталган эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деп шек саналып жатканын билдирген.

Мухамедиулы 2014-жылдын август айынан 2019-жылдын июнь айына чейин Казакстандын маданият жана спорт министри болгон. Прокурор аны тогуз жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Мурдагы министр ага тагылган айыпты четке каккан.

Ушул эле иш боюнча соттолгон Алмаз Нуразханов, Азамат Кошенов жана Айым Садвакасова ар бири жети жылдан эркинен ажыратылган.

  • Арыстанбек Мухамедиулы 2016-жылы министрлик кызматты аркалап турганда кыргызстандык кыздар мекенинде жумуш жок болгондуктан, Орусияда даараткана тазалап жүргөнүн, муну Айтматов мурун эле билип, эскерткенин айткан. Анын бул сөзү Кыргызстанда да, Казакстанда да талкууга түшүп, сынга алынган. Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер "маданияты жок министрдин айткандары" үчүн кыргыз элинен кечирим сураган. Мындан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга нааразылык нотасын жолдоп, Арыстанбек Мухамедулы кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG