Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Депутаттык комиссия Мадумаров боюнча чечим чыгарат


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия акыркы чечим чыгаруу үчүн бүгүн, 22-июнда 12:00дө жыйынга чогулат. Бул тууралуу комиссиянын мүчөлөрү Гуля Кожокулова жана Карим Ханджеза "Азаттыкка" билдирди. Эл өкүлдөрү комиссиянын корутундусуна добуш бериле электигин тактады.

Аталган маселе алгач Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде каралып, андан соң пленардык жыйынга чыгарылат. Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат, же четке кагылат. Комиссия 21-июнда кезектеги отурумун жабык өткөргөн.

31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Башкы прокуратура ушуну менен Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген.

Ошол кезде түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG