Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Мунай кампадагы өрттөн жабыркаган адамдын абалы оор бойдон калууда


Мунай кампасындагы өрттүн сүрөттөрүнөн "Азаттыктын" коллажы. Сокулук, Шопоков шаарчасы. 20-юинь, 2023-жыл.
Мунай кампасындагы өрттүн сүрөттөрүнөн "Азаттыктын" коллажы. Сокулук, Шопоков шаарчасы. 20-юинь, 2023-жыл.

Сокулуктун Шопоков шаарчасындагы мунай кампасында чыккан өрттөн жабыркаган эки адамдын биринин абалы өтө оор.

Ал Бишкектеги “Тез жардам” (мурдагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору) ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, өрттөн денеси күйүп калган эки адам санавиация аркылуу Бишкекке алып келинген.

“Биринин денеси 95% күйүп калган, абалы өтө оор. Дарыгерлер өмүрүн сактап калуу үчүн тынымсыз күрөшүп жатат. Экинчисинин денеси 15% күйгөн. Абалы канааттандырарлык. Дагы бир киши мээси чайкалып, Сокулук ооруканасына түшкөн. Төртүнчү адамдын абалы канааттандырарлык болгондуктан үйүнө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн”, - деди Айгерчинова.

Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан мунай базасындагы өрт 20-июнда түштөн кийин тутанган.

Милиция кырсыктын себеби иликтене баштаганы кабарлаган.

Жалпысынан мунай куюлган алты цистерна, бензин ташуучу эки машина жана төрт жеңил машина күйүп кеткени маалымдалууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG