Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөндөр өкүмүн өзгөртүү аракетин көрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжайда өспүрүм кызды зордуктап өлтүргөн деп соттолгон эки кишинин иши апелляциялык негизде каралмай болууда. Баткен облустук сотунан “Азаттыкка” бүгүн 22-июнда билдиришкендей, жашы жете элек соттолуучунун (2006-жылы туулган) иши 27-июнга белгиленди. Буга чейинки отурумдар анын жактоочусунун жана башка өтүнүчтөр боюнча кийинкиге жылдырылып келди.

Экинчи соттолуучунун кылмыш ишин кароо да анын өтүнүчү менен улам башка күнгө калтырылып, кийинки отурум 4-июлга белгиленди.

Кылмыш жасаган учурда 11-класстын окуучусу болгон соттолуучу Кадамжай райондук сотунун чечими менен быйыл 7-февралда он жылга кесилген. Ал эми экинчи соттолуучу 28-февралда өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Экөө тең облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.

Окуя былтыр 4-сентябрда Ноогардан айылында болгон. 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм бала кармалган. Өспүрүм Жалал-Абаддагы, калган үчөө Оштогу абакка камакка алынган.

4-декабрга караган түнү Оштун тергөө абагында отургандардын экөөнүн сөөгү табылган. Жаза аткаруу кызматы алар өз жанын өзү кыйганын маалымдаган.

“Адам өлтүрүү” беренеси менен козголгон иштин тергелиши жеке көзөмөлүндө болорун мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген.

Маркум кыздын апасы жакында социалдык түйүндөр аркылуу өлкө жетекчилигине кайрылып, сот иши жылбай жатканына даттанган.

XS
SM
MD
LG