Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Башкы прокуратуранын мурдагы ордуна бизнес борбор кура турган компания сунушунан баш тартты


Өрттөнгөн имарат сүрөт тартылган тосмо менен бир нече жыл жабылып турду.
Өрттөнгөн имарат сүрөт тартылган тосмо менен бир нече жыл жабылып турду.

Башкы прокуратуранын күйүп кеткен мурдагы имараты жайгашкан жерге бизнес борбор кура турган компания бул ниетинен баш тартты. Бул тууралуу бүгүн 22-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору Рыскулбек уулу Талант билдирди.

Ал аталган жер тилкесин ижарага алган компания баш тартканы тууралуу арыз менен кайрылганын, себебин айтпаганын маалымдады:

«Арызы түштү «Ижарага алган жерден баш тартып жатам» деген. Ошонун негизинде анын укуктарын мамлекеттик каттоо мекемеси аркылуу токтотуп, кайра мэриянын наамына кайтардык».

Мурда Башкы прокуратура жайгашкан жерге салына турган жаңы имараттын долбооруна ачык сынак жарыяланганы быйыл 1-мартта белгилүү болгон. Имаратты Бишкек мэриясынын электрондук аукционун утуп алган «Шаако» ишканасы курмай болуп жаткан.

Ишкананын жетекчилиги мэрия менен түзүлгөн келишимге ылайык жер тилкесин беш жылга ижарага алып жатышканын, бул үчүн жалпысынан 30 миллион сом төлөп бере турганын, курулган имараттын аянтынын 10% мэриянын балансына бекер өткөрүлүп берилерин билдирген. Имаратта музей, көргөзмө жана конференц залдары, 3-4 кабат жер астында автомашина токтотмо жайы да жайгашары маалым болгон.

Жердин жалпы аянты 40 сотка. Ага мэрия ээлик кылат.

Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратта мурда Башкы прокуратура жайгашчу. 2010-жылдын Апрель окуяларында ал жерде өрт чыгып, имарат жараксыз абалга келген жана ошондон бери ал ар кандай жарнамалар менен жабылып турган.

2018-жылы мэрия имараттын ордуна гүл бакча ачыларын жарыялап, коомчулук шаар бийлигинин бул чечимин кубаттаган. Ага чейин автоунаа үчүн токтотмо ачуу жөнүндө сунуштар да айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG