Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Уруксатсыз үйлөргө мунапыс баштала элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте уруксатсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу иши боюнча азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек. Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинен 22-июнда “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, “иштеп чыгуу жараяны” уланууда.

Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87, алардын 34ү (кээ бир маалымат боюнча 35) Бишкекте экени быйыл 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде маалым болгон. Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу аларга мунапыс жарыялоо пландалып жатканын, ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде берилерин айткан.

Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда бул маселе көтөрүлгөндө айрым депутаттар андайга жол бербөө керектигин айтышкан. Депутат Рысбай Аматов “Андай үйлөргө мунапыс берүү коркунучтуу нерсе. Кийин башкалар да жерди басып алып, эч кандай уруксат кагазы жок көп кабаттуу үй салып, мунапыс кылып алам деп үйлөрдү сатып, качып кете бербейби анда" деген.

Ал эми Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Жоодарбек Атакеев мунапыс баарына эле берилбей турганын, сейсмикалык туруктуулук жана башка талаптар боюнча кылдат текшерүү болорун айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG