Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Жогорку Кеңеш Байсаловду кызматтан алуу тууралуу токтом кабыл алды

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алды.

Мунун алдында парламенттеги "Ишеним", "Ата Журт-Кыргызстан" жана "Мекенчил" депутаттык тобу Байсаловдун отставкасын кароону сунуштап, маселе күн тартибине кезексиз киргизилген. "Ишеним" фракциясынын лидери Улукбек Ормонов "Байсалов айткан сөздөр Жогорку Кеңештин аброюна шек келтире" турганын айтты.

Эдил Байсалов парламенттин чечими тууралуу комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында бир катар депутаттар Байсаловдун кызмат ордун кароо маселесин көтөрүшкөн. Айрымдары анын кызматтан алынышын талап кылышкан. Парламент спикери Нурланбек Шакиев "Байсаловдун комитет жыйынында сүйлөгөн сөздөрү жана андан кийинки маектери көз жаздымда калбай турганын", бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен дагы сүйлөшкөнүн билдирген.

Маселенин козголушуна Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов "Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин" айткан.

Ал "парламенттин жыйыны эки бийлик бутагынын сүйлөшө турган аянтчасы экенин, депутаттар да өкмөткө мамилесин оңдошу керектигин" айтып, парламент депутаттары менен кайым айтышкан учурлары буга чейин да катталган.

2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Ал Баш мыйзамда депутатты чакыртып алуу жобосу кошулган.

Соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрда өткөн. Жогорку Кеңештин бул чакырылышы 90 депутаттан куралган. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келген.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган. Министрлер кабинетинин курамы Садыр Жапаровдун сунушу менен алмашып, мурдагы төрага Улукбек Мариповдун ордуна Акылбек Жапаров дайындалган.(KЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG