Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:33

Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга уруксат берди


Адахан Мадумаров парламентте. 22-июнь, 2023-жыл
Адахан Мадумаров парламентте. 22-июнь, 2023-жыл

Жогорку Кеңеш "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин бул сунушуна жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон.

31-майда спикер Нурланбек Шакиев парламентке Башкы прокуратурадан Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу сунушу түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханжеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген. Бул комиссия үч аптадан ашык иштеп, бүгүн Мадумаровду жоопко тартууга макул болгон корутунду чыгарган.

Башкы прокуратура ушуну менен Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат.

Былтыр да кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, аны парламент колдогон.

Мадумаровдун өзү 21-июнда депутаттык комиссиянын иши тууралуу журналисттердин суроолоруна "азыркы тапта комиссия кандай чечим чыгарганы алдын ала белгилүү" деп жооп берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG