Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Жогорку Кеңеш соттордун пенсиясынан үстөк акыны алуу сунушун карап жатат


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

22-июнда Жогорку Кеңеш сот болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккандардын пенсиясына кошо берилүүчү үстөк акыны алып салуу боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

“Судьялардын макамы жөнүндө” конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча" мыйзам долбоорунун демилгечиси Жеңишбек Токторбаев үстөк акыга кеткен акчаны башка максатта жумшоо керектигин айтты:

“Социалдык фондунун маалыматы боюнча, учурда судьялардын максималдуу алган пенсиясы -129 832 сом, ал эми чектелген үстөк акынын төмөнкү өлчөмү - 62 951 сом. 2010-жылдан 2022-жылга чейинки убакта экс-судьялар 166 миллион 701 миң сом пенсия алышкан. Ал эми аларга берилген үстөк акынын суммасы 257 миллион сомду түзгөн. Бул деген үстөк төлөм пенсиянын базалык өлчөмүнөн 154% жогору”.

Токторбаев соттордун пенсиясынын үстөк акысын алып коюуну сунуштап, аларга бир жылда берилген үстөк акынын суммасына минималдык пенсия өлчөмүндө 51 адамга пенсия берүүгө жана жыл сайын беш мектеп курууга болорун белгиледи.

Айрым депутаттар соттордун пенсиясы, аларга өзгөчө макам алардын чын, калыс иштөөсүн камсыздоо максатында берилерин айтып, мыйзамды өзгөртүүгө каршылыгын билдиришти.

Кыргызстанда сот, прокуратура кызматкерлеринин айлык акы, пенсиясы, аларга төлөнүп берилүүчү кенемте маселеси өткөн айдан бери коомчулукта кызуу талкууланып келет.

15-майда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун колдогон. Бакирдин Жанузаков былтыр июль айында жол кырсыгынан каза болгон.

17-май күнү президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат учурунда каза болгондо төлөнө турган кенемте боюнча маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын бергенин маалымдаган. Фейсбуктагы баракчасына жазган постунда ал “компенсациянын суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай” болушу керектигин айткан.

Көп өтпөй Финансы министрлиги “Прокуратура жөнүндө” конституциялык мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG